Коронавирустан кийин кайсыл өлкөлөр экономикасын дароо калыбына келтире алат?

Өткөн апта башында Европада биринчилерден болуп Австрия өкмөтү Covid-19га байланышкан чектөө чаралары акырындап алына турганын жарыялаган. Мунун артынан дагы кайсыл өлкөлөр ушундай кадамга барары азырынча белгисиз.

Дания

Сүрөттүн булагы, Viacheslav Chernobrovin/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Даниянын өкмөтү тарабынан бөлүнгөн каржылык жардам - башка өлкөлөргө үлгү катары бааланууда

Covid-19 пандемиясы глобалдык экономиканы алдыда болжоого мүмкүн болбогон абалга кептеди. Көптөгөн өлкөлөр инфекцияны токтотуу үчүн аргасыз чараларга барды. Анын ичинде экономиканы кармап калуу үчүн дагы чараларды көрүүдө. Коронавирусту токтоткондон кийин кайсыл өлкөлөр экономикалык рецессиядан чыга алат? Эксперттер буга жооп издеди.

"Экономикалык коопсуздук индекси -2019" боюнча эң туруктуу экономикалар:

1. Норвегия

2. Дания

3. Швейцария

4. Германия

5. Финляндия

6. Швеция

7. Люксембург

8. Австрия

9. АКШнын борбордук штаттары

10. Улуу Британия

125. Кыргызстан

Жалпы тизме бул жерде

Эксперттердин божомолун түшүнүү үчүн FM Global түзгөн "Экономикалык коопсуздук индекси -2019га" кайрылып көрөлү. Анда 130 өлкөнүн абалы бааланып, саясий туруктуулук, корпоративдик башкаруу ийгилиги, бизнес чөйрөсүндөгү ачык-айкындуулук, сооданын логистикалык механизимдери сыяктуу бир нече факторлор эсепке алынган.

Рейтингден сырткары пандемияга биринчилерден реакция жасап, кризис маалында экономикадагы туруктуулукту сактап турган өлкөлөрдү дагы бөлүп карадык. Биз бул өлкөлөрдөгү эксперттер жана тургундар менен дагы баарлаштык.

Дания

Экономикалык коопсуздук индексинде бул өлкө экинчи орунда. Камсыздоо системасына көзөмөл жана башкаруу органдарындагы коррупциянын эң төмөнкү көрсөткүчү менен жогорку баа алган өлкө.

Кризистин башталышында өкмөт чечкиндүү кадамдарга барды. Тез арада социалдык аралыкты сактоо чаралары киргизилип, 11-марттан тарта мектептерди жабышты. Акырындап экинчи баскычтагы жеке ишкерлик жабылды. 14-марттан тарта бардык чет өлкөлүктөрдүн келүүсүнө тыюу салынды. Ал учурда көп өлкөлөрдө коронавирус каттала элек болчу.

Мындай чаралар өзүнүн натыйжасын берди.

Сүрөттүн булагы, ClarkandCompany/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Пандемия башталып жаткан учурда Дания өкмөтү чечкиндүү кадамадарга барды

"Өткөн жылга салыштырганда адаттагы эле грипп менен ооругандар 70% кыскарган. Мунун өзүн өкмөттүк чаралардын натыйжасынын жакшы көрсөткүчү катар карасак болот",-дейт Копенгагендеги Pissup Tours турагентигинин башкаруучусу Расмус Кристиансен.

Көпчүлүк даниялыктар коом алдындагы моралдык милдеттерин жакшы түшүнөт

Даниялыктар бийликке ишенет жана жалпы кызыкчылык үчүн биригүүгө даяр. Бул киргизилген чаралардын натыйжасын андан бетер арттырды.

"Учурда даниялык ЖМКларда жана коомдук сайттарда жаңы сөз модага айланды - samfundssind (мааниси "атуулдук сезим" же "атуулдук милдет"). Көпчүлүк жалпы коомдун саламаттыгы үчүн жеке кызыкчылыктарды курмандыкка чалуу керектигин жакшы түшүнүп турат",-дейт Кристиансен.

Бул эми баары шыр кетти дегенди туюндурбайт. Айталы, Кристиансен турбизнестеги тапкан каражатынан куржалак калды. Ошонтсе дагы даниялык өкмөттүн каржылык жардамдары башкаларга үлгү катары көрсөтүлүп жатат. Маселен, айлык акылардын 75 пайызын берүү, ал эми саатына иштегендерге 90 пайыз айылыгын төлөп берүү.

Мындай чаралар өлкөнүн ИДӨнүн 13 пайызына турду.

Ошол эле маалда даниялыктар - бул бүткүл дүйнөлүк каатчылык экенин жана экономиканын абалы башка өлкөлөр экономикасын кандай жөндөп кетерине байланыштуу экенин жакшы түшүнөт. Башка өлкөлөр кризис менен кантип күрөшөт жана эркин соода принциптери кандай сакталат? Кептин баары ушунда.

Сингапур

Экономикалык коопсуздук индексинин рейтингинде Сингапур 21-орунда. Бул күчтүү экономикасы жана саясий тобокелчиликтердин, коррупциянын төмөн экенине байланыштуу.

Сүрөттүн булагы, Tampatra/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сингапурда вирус жуктуруп алгандар саны аз

Коронавирустун жайылышын бул өлкө дагы эртелей токтотуп калууга жетишти.

"Биз өкмөткө ишенебиз. Бул кризистеги ар бир кадам ачык-айкын. Эреже болуп калгандай эле, өкмөт кандайдыр бир чараларды киргиздиби, биз аны аткарабыз",-дейт Konigle компаниясынын аналитиги Констанс Тан.

Бирок изоляция эрежелерин бузгандар дагы болуп жатат. Мындай кишилердин паспортун жана эмгек келишимин алып коюшат.

Сингапур чакан өлкө. Ошондуктан кризистен чыгуу - дүйнөлүк экономиканын бутка турушунан көз каранды.

Көпчүлүк компаниялар жаңы шарттарга бат ылайыкташты. Жумушчуларга үйдө иштөөгө шарт жаратышкан. Ал эми өкмөт болсо Trace Together деген мобилдик тиркемени ишке салып, вируситун жайылышын көзөмөлгө алууда. Тиркемени өлкө жарандарынын көбү телефондоруна көчүрүп алышкан.

АКШ

Өлкөнүн географиялык аймагын эсепке алып, жогорудагы индексте АКШны батыш, борбордук жана чыгыш аймактарга бөлүп карашкан. Жалпысы бардык үч аймак тең рейтингде жогорку (9-11-22-орунда) көрсөткүчтө.

Сүрөттүн булагы, SeanPavonePhoto/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

АКШдагы эпидемиянын очогу - Нью-Йорк

Вирустун тарашына токтотуу ири мегаполистерде кыйынга турууда. Жумушсуздук көрсөткүчү азыр эле жогорку сандарды көрсөтүүдө (марттын соңуна 6,6 млн киши). Буга вирустан улам киргизилген чектөөлөр себеп. Ресторандар жана өндүрүш, соода жана башка бизнестер убактылуу жабылган.

Бирок АКШ бийлиги экономиканы турукташтыруу үчүн каржылык жардам пакетин (2 трлн доллар) кабыл алды. Мунун өзү кырдаалды жумшартып, өлкөнүн эконмикасынын жанданып кетишине өбөлгө болсун деген максатта болду.

Goldman Sachs жана Morgan Stanley эксперттери абалды V көрүнүшүндө болот деп болжоп турат. Экономика кескин төмөндөп, кайра секирик жасашы мүмкүн.

АКШнын экономикалык абалы башка өлкөлөр үчүн дагы маанилүү. Анткени дүйнөлүк ИДӨнүн төрттөн бирин түзөт. Ошондуктан дүйнөлүк экономиканын турукташуусу АКШга көз каранды.

Мурдакы абалга тез арада кайтып келүү үчүн АКШ президентинин администрациясы өлкөнү бир нече районго бөлүүнү сунуштады. Вирустан эң көп жабыр тарткан аймактарды өзүнчө жана экорномикалык активдүүлүк бат калыбына келгендерин өзүнчө бөлүү керек.

"Менимче мындай чаралар бутка туруу үчүн зарыл болгон шарттарды жаратат",-дейт Америкадагы экономикалык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери Питер Эрл.

"Акча, товар жүгүртүү, эмгек резерви жана идеялар өлкөнүн чегинде гана эмес, бүт дүйнөдө эркин болушу керек болуп турат",-деди ал.

АКШда жалпы саламаттыкты сактоо системасы сынга кабылды.

"Акыр соңу бүтүн дүйнө бул кризистен күчтүү болуп чыгат деп ойлойм. Бирок мунун баары биз кандай сабактарды эске алганыбызга байланыштуу. Эгерде биз мурдакы жашообузга кайтып баргыбыз келсе, коомдук саламаттыкты сактоо тармагынын жаңы формасына инвестиция салып, социалдык коргоонун туруктуу моделин түзүү зарыл",-дейт экономист жана тарыхчы Майкл Меррил.

Руанда

Соңку жылдары корпоративдүү башкаруу чөйрөсүн жакшыртуу менен Руанда Экономикалык коопсуздук индексиндеги абалын бир топ жакшыртып алды. Акыркы жолу 35 тепкичке секирик жасап, 77-орунга чыккан.

Өлкөнүн буга чейинки эбола вирусу менен күрөшүүдөгү тажрыйбасы бар. Өткөн жылы коңшулаш Конго мамлекетинде эбола дүрт алганда, Раунда өз аймагына тарашына жол берген эмес.

Сүрөттүн булагы, Sloot/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Өлкөнүн буга чейинки эбола вирусу менен күрөшүүдөгү тажрыйбасы бар

Анын саламаттыкты сактоо тармагындагы аракеттери өлкө мыкты дарядыкта турганын көрсөтөт.

"Көпчүлүк чет жерлик студенттер сыяктуу эле мен дагы бул өлкөдө кала берүүнүн чечкенмин. Анткени бул жерде өкмөт биздин өлкөлөргө караганда, кырдаалды жакшы жолго сала алат деп ишенебиз",-дейт кениялык студент Гарнетт Ачиенг.

"Африканын башка өлкөлөрүнөн келген бул жердеги чет жерлик сутденттерди түйшөлткөн маселе - мекенибизде жашаган жакындарыбыз үчүн тынчсыздануу".

Сахара түштүгүндө жайгашкан африкалык өлкөлөрдүн ичинен Руанда биринчилерден болуп толук карантин чараларына барды. Калктын социалдык жактан жакыр катмарына изоляция учурунда бекер тамак-аш таратышууда.

Бирок өлкөнүн туризм тармагы катуу жабыр тартат деп күтүлүүдө.

Жаңы Зеландия

Жогоруда кеп кылган индекс көрсөткүчүндө Жаңы Зеландия 12-орунда турат. Бул өлкөнүн бийлиги дагы пандемияга батыл чара көрдү. 19-марттан тарта чек араларын жапты.

Сүрөттүн булагы, Martin Vlnas/Getty Images

"Аралдагы өлкө катары бизге чек араны көзөмөлдөө жеңил. Ошондуктан чек аранын жабылышы маанилүү эле",-дейт Окленд шаарынын тургуну, Sense Partners компаниясынын экономисти Шамубил Икуб.

Guardian басылмасы көрүлгөн чаралардын натыйжасында бул өлкө мурдакы жашоого биринчилерден кайтып келеши мүмкүн экенин жазган.

Өлкө экономикасынын негизин түзгөн - экспорт жана туризм алдыдагы айларда өтө оор кырдаалга кабылышы мүмкүн. Жалпысынан экономиканы турукташтырып калганга мүмкүнчүлүктөрү жогору. Биринчиден, мамлекеттин карызы аз жана экономиканы кармап турууга акча салууга шарты бар. (AbA)

Макала кыскартуулар менен сунушталды. Түп нускасын англис тилинде BBC Travel сайтынан окуңуз.