Коронавирус Кытайдын экономикасын эңшерди, кезек башка өлкөлөрдө

Кытайдагы учкундан дүйнөгө жайылган өрт тутанды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кытайдагы учкундан дүйнөгө жайылган өрт тутанды

Коронавирус Кытайды терең кризиске батырды. Дүйнөнүн экинчи ири экономикасы жаңы тарыхындагы олуттуу кыйынчылыкты башынан өткөрүүдө.

Covid-19 глобалдык пандемиясы бүтүн дүйнөгө кыйынчылыктарды алып келди.

Вирустун очогу болгон Кытай соккуну биринчилерден болуп алып, карантинде олтурду. Биринчилерден болуп экономикалык жоготууларын эсептөөдө.

Расмий маалыматтарга караганда, өлкөнүн экономикасы биринчи кварталда 6,8 пайызга төмөндөгөн. Жарым кылымдан бери 15 пайызга чейин өсүү үстүндө келген экономика үчүн бул оңой эмес.

Кытай мындайды 1970-жылдардагы Мао Цзэдундун "маданий ыңкылабынан" бери көрө элек болчу. Бул жоготуулар бүтүн дүйнө жүзүнө таасирин тийгизет.

Кытайдын Улуттук статистика бюросунун өкүлү Мао Шенхоң кытайлыктарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

"Биринчи кварталдагы экономикалык өсүүнү терең анализдөө керек. Аны бир гана өткөн жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөр менен салыштырса болбойт. Себеби, коронавирус пандемиясы капысынан пайда болуп, экономикага терс таасир этти. Ошондуктан дүрбөлөңгө түшпөй, биринчи кварталды обьективдүү карайлы",-делди ал.

Кытайдын азыр дүйнөлүк экономикадагы үлүшү 17 пайызды түзөт. 2002-2003-жылдардагы SARS эпидемиясы маалында анын үлүшү 4 пайыз эле. Ооба, пандемиянын масштабын да салыштырып болбойт. Ал учурда вирусту 26 өлкөдөн 8 миң киши жуктуруп алган. Болжолу ар бир онунчу учурда жоготуулар болгон. Азыркы вирустан каза тапкандар саны эле 150 миңге жетти. Вирусту жуктургандар 2 млн. ашты.

Кытайдагы кыйынчылык өнүккөн өлкөлөрдө чоң маселе жаралып жатканын көрсөтүп турат. Ал эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн абалы өтө оор болот. Мындай мамлекеттер көбүнчө сырттан келген капиталдын агымына көз каранды. Эпидемия маалында анын келиши күмөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кытайдагы кыйынчылык өнүккөн өлкөлөрдө чоң маселе жаралып жатканын көрсөтүп турат

Финансистердин дүйнөлүк бирикмеси Institute of International Finance (IFF) эсебинде, январдын орто ченинде Кытайда эпидемиянын масштабы ачык көрүнө баштаганда өнүккөн базарлардан агылып чыгып кеткен каражат 100 млрд долларды түзгөн.

Ага карабастан Кытайдын экономикасындагы каржылык либерализациядан улам чет жерден келген капиталдын агымы токтогон жок. Ошондой болгон күнү да Кытайдын экономикасы оор абалды. Мындай жагдайда батыштан капиталга муктаж болгон өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн абалы кандай болот?

Бул мамлекеттерден акча чыгарылса, жергиликтүү акча бирдиги девальвацияга туш болуп, жакырчылык өкүм сүрөт. Бул өлкөлөр тышкы карыздарын дагы төлөй албай кыйналат. Коронавирус менен күрөшүү үчүн казынадан көп акча жумшалып, бизнестер иштебей жаткандыктан салык аркылуу чогултулган каражат азаят. Демек, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн казынасы бош калат. Ал эм экспортко кетчү чийки зат сыяктуу товарлар арзандайт.

Мындай көрүнүш Кытайдын экономикасына жагымдуу. Бээжин дүйнөдөгү чийик заттын эң чоң импортеру. Ага кабарастан биринчи кварталда чыккан Кытай экономикасы боюнча анализ, каатчылыктын экинчи толкунун эcке албайт, башкача айтканда тышкы таасирди. Өндүрүш төмөндөгөндүктөн, "дүйнөнүн заводу" атка конгон Кытайдын товарларына талап кескин түшөт.

Кытай өнүккөн өлкөлөрдүн көбүнүн өндүрүшү үчүн тетиктерди жасап берет. Эгерде Батышта айфонго жана автоунаага болгон талап төмөндөсө, Кытайдагы тетик чыгарган ишканалар дагы артка кетет. Албетте, бул экономикага түз таасирин тийгизет. Мындай абалдын тыянагын биз жайдын ортосуна барып анан биле алабыз.

Вируска чейин эле Кытайдын экономикасы бир топ алсырап турган. Өткөн жылы ал болгону 6,1% өскөн. Ички түзүмдөрүнөн сырткары, экономикалык активдүүлүккө АКШ менен соода согушу жана Гонконгдогу каршылык акциялары таасирин тийгизди.

Аналитиктердин болжолунда, бул жылы Кытайдын экономикасы болгону 2,5% өсүшү мүмкүн. 1990-жылы Бээжиндеги Тяньаньмэнь аянтындагы жүрүштү күч менен баскандан кийинки кырдаалда дагы өлкөнүн ички дүң өндүрүмү 4 пайызга чейин өскөн эле. (AbA)