Коронавирус Түркияда: камакка алуу, узун кезек жана саясий драма

Киши топураган Стамбулдун портунда азыр ак чардактар кожоюндук кылууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Киши топураган Стамбулдун портунда азыр ак чардактар кожоюндук кылууда

Түркияда бир эле күндө Covid-19 вирусу менен катталгандар саны Кытайдагы жалпы статистиканы озуп кетти. Бирок эпидемиянын масштабына карабастан, түрк бийлиги жалпы карантин чараларын киргизбей, экономикалык жоготуудан коркуп турат.

Вирустун айланасында саясий драма болду: Стамбул менен Анкаранын мэри шаарга коменданттык саат киргизилгенин жаңылыктардан уккан. ИИМ алардын аракетин иликтөөгө алууда. Ал эми президент Режеп Тайип Эрдоган коомчулуктун көзүнө көп чалдыкпай калды.

Укук коргоочулар цензура күчөгөнүн, сын макалалар үчүн журналисттер камакка алынып, депутаттар коомдук сайттарга көзөмөл киргизүүнү демилгелеп жатканын айтууда.

Пандемия коркунучун түрктөр февралдын этегинде Иранда дүрт алганда эле сезе баштады. Көп өтпөй Иран менен чек арасын жапты. Бирок 11-мартта Түркияда биринчи учур катталганда саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожо коркунучту баалаган эмес.

"Коронавирус Түркияда көрүлгөн чараларды жарып өтүүгө күчү жетпейт",-деген Кожо. Көп өтпөй эле министр оптимисттик ойлорун жыйыштырып, 23-мартта элге кайрылуу менен чыкты жана эпидемия бүт өлкөгө жайылып жатканын моюнуна алды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ээнсиреген Анкара

10-апрелде дем алыш күндөргө чектөө чараларын 31 шаарга киргизишти. Анын ичинде Стамбул менен Анкара дагы бар.

Бул күтүүсүз чаралар дүрбөлөң жана өлкөдөгү саясий драманы жаратты. Карантин чаралары тууралуу өкмөт эки саат калганда гана жарыялады. Мэрлерге болсо бул тууралуу эскертүү беришкен эмес.

Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу бул жаңылык дүрбөлөң жаратканын айтты.

Көчөлөрдөгү узун кезектер, мушташ менен коштолгон дүрбөлөң тартылган коомдук сайттардагы тасмалардан кийин ички иштер министри Сулейман Сойлу отставкага кетерин айтты. Эрдоган министрди Стамбулдан Анкарага чакырып, жеке сүйлөшүүдөн кийин отставкасын кабыл алган жок.

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency

Карантин жарыяланган күнү эле европалык мегаполистердин ичинен калкынын саны эң көп саналган Стамбулда 270 миңдей киши дароо дүкөнгө чогулган. Бул расмий сандар гана. Чынында мындан дагы көп киши чогулган болушу мүмкүн. Дүрбөлөң Түркиядагы теңсиздикти көрсөттү дейт эксперттер. Шаардын байлар жашаган райондорунда көптөрдүн азык-түлүк запасы камдуу болуп чыкты. Ал эми күнүмдүгүн таап жеген жакыр райондогулар массалык түрдө дүкөнгө агылган.

Теңсиздик жана экономикалык кризис жергиликтүү жана борбордук бийликтин атаандаштыгы менен коштолууда.

Стамбулда социалдык кызматтар иштеп жатат. Маселен, бекер тамак берген ашканалар ачылып, шаар бийлиги жана кайрымдуулук уюмдары колу жукаларга жардам көрсөтүүдө. Бирок мындай "өзүм билемдик" президентке жаккан эмес.

Өткөн апта соңунда Анкара менен Стамбулдун мэрлери ИИМ аларга карата иликтөө жүргүзүп жатканын айтып чыкты. Маселе коронавирус менен күрөшүү үчүн чогултулган акчага байланыштуу жүрүүдө. Алардын айтымында, бул чогултулган каражаттардын банк эсеби жабылып, Эрдоган өзүнчө өнөктүк баштаган.

Президент аларды "мамлекет ичинде мамлекет түзүүгө аракеттенүүдө" деп айыптаган. Эки мэр тең оппозициялык партиянын мүчөсү. Алар адистердин кеңешине таянып, президентти эки шаарга толук карантин киргизүүгө чакырып жатышат.

Мэрлер эле эмес, өкмөт коомдук сайттарга сын-пикир жазгандарга дагы кескин реакция жасап жатат. Акыркы айда эле полиция "чагымчыл билдирүү жазган" үч жарым миңден ашуун учурду таап чыккан. Буга байланыштуу 616 кылмыш иши козголгон. Анын ичинде 229 киши кармалган. Арасында журналисттер дагы бар. (AbA)