Covid-19: Америка Вьетнам согушунда дагы мынчалык көп киши жоготкон эмес

Американка аплодирует медикам

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Коронавирустан каза тапкан америкалыктар саны Вьетнам согушундагы жоготуулардан дагы ашып кетти.

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча АКШда коронавирустан өлгөндөр саны 60 миңге барды. Вьетнамдагы 20 жылга созулган согушта АКШ армиясындагы дайынсыз кеткендер, туткунда каза тапкандар жана курман болгондор 58 миң чамалуу болгон.

Коронавирус жуктуруп алгандар саны боюнча дагы АКШнын жагдайы оор, миллионго жетти.

Эпидемия күчөп турганына карабастан, өлкөнүн 40 штатында карантин чараларына нааразы болгондордун каршылык акциясы өттү. Демонстранттар чектөө чараларын киргизүү менен бийлик жарандардын эркиндигин жана укугун бузду деп эсептейт.

Апрелдин соңуна карата берилген расмий маалымат боюнча 26 миллион америкалык жумушунан айрылып, жөлөк пул сурап кайрылган.

Испания июндун соңуна чейин карантинди алып салат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Испаниянын өкмөтү акырындык менен карантин чаралары жеңилдей бере турганын жарыялады. Ар бир региондун бийлиги чараларды жумшартуу чечимин өз алдынча кабыл алат. План боюнча өлкө боюнча карантин июндун соңуна барып толук алынышы керек, деди премьер-министр Педро Санчес.

Кыргызстан ишкердикти жандантууну чечти

Кыргызстандын өкмөтү дагы карантин чараларын жумшартып, ишкердикти жандантуунун планын жарыялады. Ага ылайык 1-майдан тарта акырындык менен жумушу токтоп калган тармактар ишке кире баштайт. Толук тизме менен бул жерден таанышыңыз:

British Airways 12 миң кызматкерин жумуштан бошотот

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Британиялык British Airways авиакомпаниясы пандемиянын кесепетинен улам 12 миң кызматкерин иштен бошотууга мужбур болуп турганын билдирди. Учурда компанияда 42 миң киши иштейт.

Коронавирус авиакомпанияларды кандай оор жагдайга салганын бул жерден окуңуз:

Учкучтардын профсоюз уюму буга нааразылык билдирип, ага жол бербөө үчүн күрөшө турганын билдирди. (AbA)