Келгиле, беткапты колго эле жасаганды үйрөнөлү

беткаптын үч түрү

Бишкек мэриясы тургундарга беткап тагып жүрүүнү милдеттендирүүдө. Коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында Англия, Шотландия жана Түндүк Ирландияда транспортто жана дүкөндө сөзсүз беткап менен жүрүү сунушталды.

Медициналык беткаптарды азыр мурдагыдай дарыканалардан табуу мүмкүн болбой калды. Биз колго эле беткапты кантип жасап алуунун жолдорун карап көрөлү.

Эми мунун баары сиз тигүүчү машинаны канчалык жакшы колдоно аларыңызга байланыштуу. Албетте, беткаптын кездемеси сизге ыңгайлуу болуп, дем алууңуз жеңил болушу керек.

Мыкты кездемелер пахтадан жасалган кездеме, кипер (же твил), жибек, ушул сыяктуулар ыңгайлуу саналат. Эң эле жөнөкөй вариантынан баштайлы.

Британ өкмөтү беткапты кийип, кайра чечкенде колду сөзсүз жууш керектигин эскертет.

Анан көздү, оозду кол менен сүртпөңүз.

Колдонулган беткапты өзүнчө желим баштыкта сактаңыз. Тез-тезден жууп туруңуз.

Кийинки вариант беткапты кийимден, анын ичинде футболкадан жасап алса болот. Бирок синтетика аралашмасы аз болгон кездемеден жасалган футболка керек.

Сиз кандай беткапты тагынып жүргөн күндө да карантиндин негизги эрежелерин унутпаңыз. Гигиена эң маанилүү нерсе. Үйгө киргенде колду шашылбай самындап жууңуз, кеминде 20 секунд.

Үчүнчү варианттагы беткапты тигүү үчүн бизге кездеменин чакан эки кесиндиси жетиштүү. Жууганда бат эле сөгүлүп кетпей турган кылып, жакшылап тигиңиз. Коомдук сайттарда колго жасалган беткаптын түрдүү варианттарын сунуштап жатышат.

Беткап эки жаштан ылдыйкы курактагыларга сунушталбайт. (AbA)