Covid-19: Уханда он күн ичинде 11 миллион тургундан анализ алышат

Женщина в маске на велосипеде в Ухане

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Пандемиянын биринчи очогу болгон Кытайдын Ухань шаарынын бийлиги 10 күн ичинде 11 миллион тургундун баарынан анализ алууну көздөп турат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Азырынча мындай пландын баштапкы этабы гана иштелип чыккан. Шаар бийлиги район жетекчилерине калкты 10 күндүн ичинде тесттен өткөрүү паланын иштеп чыгууну тапшырды.

Ухань университетинин эксперттери шаардыктардын бир нече миллиону буга чейин эле тесттен өткөнүн айтууда. Өткөн аптада Уханда коронавирустун жаңы алты учуру катталган. Вирустун очогу бир эле жерде - көп кабаттуу үйдө. Мындай абал шаар бийлигин кооптондурду. Уханда 8-апрелде карантин алынып, жаңы учурлар 3-апрелден бери каттала элек болчу.

Шаарда мектептер ачылып, акырындап ишканалар жанданууда. Коомдук транспорт мурдакы абалына келип, ишин баштаган.

Расмий маалыматтарга караганда, азыркы маалда Кытайдагы вируска кабылгандар саны 83 миңге барды. Ушул маалга чейин 4633 киши көз жумду.

"Он күндүк күрөш"

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ухань вирустун биринчи очогу

Кытайлык басылмалар Ухандын бийлиги 11 миллион калкы бар шаарды он күн ичинде тесттен өткөрүү планын жакында жарыялай турганын жазды. Алды менен улгайган кишилер жана калк жыш жайгашкан райондордо тест жүргүзүлөт. Бул план "он күндүк күрөш" деп мүнөздөлгөн.

Ухандын алдыңкы дарыгерлери мамлекеттик Global Times басылмасына интервью берип, мунун чыгымы көп болорун жана аны аткаруу түйшүгү өтө оор экенин айтышкан.

Айрым дарыгерлердин айтымында, Ухандын тургундарынын 3-5 миллион чамалуусунан анализ алынган. Калган 6-8 миллион кишиден он күн ичинде тест алуу реалдуу дейт алар. Бүгүнкү күнгө чейин АКШда 9 млн кишиден тест алынды, ал эми Орусияда 5,8 млн чамалуу.

Дем алуу органдарын сезгенткен коркунучтуу коронавирус Кытайдагы эң маанилүү майрам - Жаңы жыл алдында Уханда белгилүү болгон эле. Жаңы вирустун булагы Ухандагы деңиз азыктары, канаттуулар, жылан, коён жана башка жаныбарлар сатылган базар болду деп эсептейт кытай бийлиги.

Ухань - Кытайдагы негизги транспорт түйүнү. Кытайдагы жетинчи, дүйнөдөгү 42-орунда турган ири шаар. БУУнун маалыматына караганда, Уханда тогуз миллионго чукул киши жашайт. Шаар бийлиги болсо, 11 миллион тургуну бар экенин айтууда.

2016-жылы Ухандагы эл аралык аэропорт 20 миллионго чукул жүргүнчүнү тейлеген. Андан бери дагы жүргүнчүлөр саны көбөйдү.

Ухань Яньцзы дарыясынын жээгиндеги шаар. Уханда көптөгөн индустриалдык аймактар жана 700 миң студент окуган 52 окуу жай бар.

Шаарда үч күн мурун жаңы учур катталганы белгилүү болгондо, чыңалуу Бээжинге чейин жеткени байкалып турду. Көп кабаттуу үйдүн комитет башчысы иштен алынды. Бирок мындай жазалоо келечегинде жаңы учурларды башкалардын жашырып коюшуна алып келиши мүмкүн деген чочулоо бар. (AbA)