Орусияда коронавирустан каза тапкандардын рекорддук саны катталды

Тело умершего погружают в машинй скорой помощи

Сүрөттүн булагы, EPA

Орусиянын расмийлери акыркы суткадагы өлүм-житим пандемия башталгандан берки эң жогорку чекке жеткенин билдирди. Бир суткада 174 бейтап каза тапты.

Акыркы суткада 8915 жаңы учур катталып, анын 2830 учуру Москвадан аныкталган. Өлкө боюнча коронавирус табылгандар саны 362 342 кишиге жетти. Орусияда коронавирустан улам каза тапкандардын жалпы саны 3 807 киши.

Расмийлер оорунун эң жогорку чегин ашкандан кийин өлүм-житим көп катталышы күтүлүп жатканын эскертти. Буга чейин Москванын мэри Сергей Собянин вирустун тарашы жайлап калганын, мындай динамика чектөө чараларын алууга мүмкүндүк берерин айткан.

Мэриянын маалыматына караганда, чектөө чараларынан улам Москвада болжолу бир млн киши жумушка чыга албай турат. Чектөө чараларын алуунун кийинки этабында кызмат көрсөтүү тармагы жана дүкөндөр ишин жандантат.

Өзүн изоляциялоо эрежесин Москва бийлиги 31-майдан кийин дагы узартышы мүмкүн. Июндун орто ченине чейин мындай чаралар сакталып турат деп күтүлүп жатат. Айрым басылмалар 12-июнга карата уруксат режими жокко чыгышы мүмкүн экенин жазды. (AbA)