Трамп Нью-Йоркко аскер күчтөрүн киргизүүгө чакырды

полиция кызматкерлери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

АКШда башаламандык менен коштолгон толкундоолор басылбай жатат. Кечки саат сегизден тарта ондогон шаарларга коменданттык саат киргизилди. Муну менен талап-тоноо, талкалоону токтотуу аракети көрүлүүдө.

Бирок каршылык билдирип жаткандардын көпчүлүгү буга баш ийбей койду. АКШнын 29 штатында 18 миң аскер кызматкери полиция менен чогуу иш алып барууда.

Нью-Йоркто полиция менен демонстранттар ортосунда кагылышуу орун алды. Маалымат каражаттары Чикагодо эки демонстрант каза тапканын жазып чыкты. Вашингтондо кишилер коменданттык саатка карабай Ак үйдүн жанына топтолду. Лос-Анжелесте кайрадан дүкөндөр тонолду.

Трамп Улуттук гвардияны Нью-Йоркко алып кирүүгө чакырды. Буга штаттын губернатору Эндрю Куомо уруксат бериши керек. Бирок азырынча ал мындай кадамга барбай турат.

"Нью-Йоркко Улуттук гвардияны чакыргыла",-деп жазды Трамп "Твиттер" баракчасына.

Сүрөттүн булагы, EPA

1968-жылы Мартин Лютер Киңди өлтүрүп кетишкенден кийинки окуялардан бери мынчалык расалык чыңалуу болуп көргөн эмес. Ал учурда афро-америкалыктардын тең укугу үчүн жүргөн күрөш чоң ийгиликке жеткен эле. Атуулдук укуктарды жактаган кыймыл Американын түштүгүндө караларды бөлүүнү мыйзамдык негизде токтотуп, кара америкалыктар добуш берүү укугуна жеткен. Бирок иш толугу менен бүтпөптүр. Полициянын зомбулугун токтотуу башынан эле татаал болуп келди.

Америкада биринчи жолу кара түстөгү президенттин шайланышы расалык жараны айыктырып, бөлүнүүнү жок кылат деген үмүттөр болгон. Бирок Барак Обама анын президенттик кызматы жалаң терисинин түсү менен мүнөздөлүп калышын каалаган эмес. Анын президент болуп шайланышы олуттуу тарыхый факты болгону менен коомдо расалык прогресс жасалган жок.

Расалык бөлүнүү Американын мурдатан келе жаткан көйгөйү. Азыркы толкундоолор жаңы пайда болгон маселе эмес. Айрым серепчилер муну тарыхый маселенин уландысы катары баалап жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бир катар шаарларда полиция кызматкерлери нааразылык акциясын колдоп, тилектештик билдирди

25-майда Миннеаполисте Жорж Флойд деген америкалык жарандын автоунаасын полиция кызматкерлери токтоткон. Алар жасалма акча колдонот деген маалыматты тактоо үчүн токтотушкан экен. Флойдду "унаадан алыс туруп тур" деп буюрушканда, каршылык көрсөттү дейт полиция. Полицянын көкүрөгүндө тагылган видео байкоо териштирүү үчүн алынган. Ошондуктан окуянын чын-бышыгын айтуу азыр эрте.

Интернетте жарыяланып кеткен тасмада полиция аны тизеси менен муунтуп турганы тартылган. Күбөлөрдүн бири тартып алган видеодо жерде жаткан Флойд: "Демим кыстыгып жатат! Демим кыстыгып жатат!" деп кайра-кайра айтып, "өлтүрбөгүлө" деп суранат.

Ошол жердегилер чогула калып, полицияны "муунтпагыла, дем алуусун текшергиле" деп суранышат. Көп өтпөй эле Флойд сулк жатып калып, "Тез жардам" унаасын чакырышкан. Бирок ооруканага жетпей эле каза болуп калганы белгилүү болду. Бул окуядан кийин төрт полиция кызматкери иштен алынды. Бүтүндөй өлкө боюнча нааразылык жүрүштөрү дүрт этти. (AbA)