Түндүк Корея Сеул менен бардык байланышын үзөт

North Korean students take part in a rally denouncing "defectors from the North" as they march from the Pyongyang Youth Park Open-Air Theatre to Kim Il Sung Square in Pyongyang on June 8, 2020

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Түндүккореялык студенттер өлкөдөн качып кеткендерди сындап, нааразылык акция уюштурушту

Пхеньян Түштүк Корея менен байланыш булактарын, анын ичинде эки өлкө лидерлеринин ортосундагы түз телефон байланышын дагы үзүп жатканын жар салды.

Түндүк Корея кайрадан Түштүк Кореяны "душман" деп атады. Бүгүнкү күндөн тарта Түндүк Кореянын чек арасында жайгашкан байланыш мекемеси жабылат. Аскердик жетекчилер ортосундагы байланыш дагы токтотулат.

Эки мамлекет 2018-жылы болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин түз байланышып турууга макул болгон. Covid-19 вирусу түзгөн коркунучтан улам январь айында байланыш мекемелери убактылуу жабылган. Бирок мамлекет лидерлери менен жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп турган эле. Түндүк менен Түштүк Корея расмийлери күнүнө эки жолу, саат 09:00 жана 17:00 телефон аркылуу сүйлөшүп турчу. Дүйшөмбү күнү Сеул 21 айда биринчи жолу байланышка Пхеньян тараптан эч ким жооп бербегенин билдирди. Ага карабастан түштөн кийин Түндүк Корея жооп берген.

Буга чейин Түндүк Корея лидеринин карындашы Ким Ё Чжон, Түштүк Корея Түндүк тараптан качып кеткен топтордун маалымат баракчаларын жөнөтүүсүн токтотпосо байланыштар үзүлөт деп эскерткен. Өлкөнүн таасирдүү саясатчысы маалымат баракчалары 2018-жылы жетишилген келишимди бузат деп белгилеген.

Лора Бикер

Анализ, Би-Би-Синин Сеулдагы кабарчысы

Түндүк Кореянын байланышты үзгөнү Түштүк Кореянын чек арадан маалымат баракчаларын жөнөткөнүнө тиешеси деле жок болушу ыктымал. Бул Пхеньяндын чоң стратегиясы.

Түндүк Корея кризисти атайын курчутуп, жакында боло турган сүйлөшүүлөргө даярданып жатат. Пхеньян дал ушундай тактиканы 2013-жылы колдонгон. Анда коңшусун опузалап, талаптарына көндүрүүгө аракеттенген.

Андан тышкары тышкы "душман" тууралуу сөз кылганы элдин көңүлүн ички көйгөйлөрдөн башкага бурат. Ким Чен Ын убада кылган экономикалык бакубаттуулукту орното алган жок. Ал аңгыча, Covid-19 вирусу өлкөдө кеңири жайылып, жергиликтүү калк бир топ кыйналып жатканы боюнча ар түрдүү имиштер тарап жатат.

Ошол эле учурда Сеул менен байланышты үзүү боюнча буйрукка Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон кол койгону дагы мааниге ээ. Буга чейин Түндүк Корея лидеринин ордуна карындашы келет деген сөздөр айтылган.

Пхеньяндын чечими Түштүк Кореянын лидери Мун Чжэ Ин үчүн сокку болот. Президент Мун эки жыл мурун оптимисттик көз караш менен байланыш булактарын түптөгөн. Эң маанилүү суроо, бул Пхеньяндын стратегиясынын башталышы болсо, эмдиги кадам кандай болот?

Түндүк Кореядан качып чыккандар маалымат баракчаларын шариктерге салып, чек арадан аркы тарапты көздөй учурат. Кээ кезде шариктерге крем сыяктуу каражаттар салынат. Бул кадамы менен алар көбүрөөк кишинин качып чыгуусун көздөшөт.

2018-жылы Түндүк менен Түштүк Кореянын мамилеси оңолгон, эки мамлекеттин лидерлери үч жолу бетме-бет жолуккан. Бирок 2019-жылы Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Трамп ортосундагы Вьетнамда өткөн жолугушуусу ийгиликсиз аяктагандан бери Түндүк менен Түштүк Кореянын лидерлери жолуга элек.

Коңшу мамлекеттер 1953-жылдан бери согуш абалында, тынчтык келишимине кол кое элек.