Миннеаполисте полицияны таратуу чечими

Церемония прощания

Сүрөттүн булагы, AFP

Миннеаполисте полициянын колунан ажал тапкан Жорж Флойд менен коштошуу зыйнаты Хьюстондо өтүп жатат. Ага миңдеген кишилер келди. Коштошуу зыйнаты өткөрүлүп жаткан чиркөөдө аралыкты сактоо үчүн бир учурда 15 гана кишиге кирүүгө уруксат берилди.

Флойдду жерге берүү зыйнатына Техастын губернатору Грег Эбботт, Хьюстондун мэри жана полиция жетекчиси катышууда. Флойдду Хьюстондогу мүрзөгө, апасынын жанына жерге беришет деп кабарлады Си-эн-эн. Тажияга америкалык белгилүү кишилер, саясатчылар келет деп күтүлүүдө.

Буга чейин маркум менен коштошуу зыйнаты Миннеаполисте жана ал туулуп өскөн Түндүк Каролинада өткөрүлдү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ал ортодо Миннеаполисте Флойддун өлүмүнө себепкер болгон полиция кызматкеринин соту башталып, ага айыбын угузушту. Мурдагы полиция кызматкери Дерек Шовин оор берене менен айыпталууда. Башка дагы үч полиция кызматкери дагы камакка алынган.

Флойддун өлүмү чоң нааразылык толкунун жаратты. Дүйнөнүн ондогон шаарларында расизмге каршы демонстрациялар өтүп, полиция менен кагылышуулар болду.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Флойддун өлүмүнө байланыштуу расизмге каршы демонстрациялар ондогон өлкөлөрдө өттү

Конгресстеги Демократтар фракциясы Флойддун өлүмүнөн кийин полицияны реформалоо боюнча жаңы мыйзам долбоорун сунуштап чыкты. Эгер мыйзам кабыл алынып калса, АКШ полициясы камераны дайыма күйгүзүп жүрүүгө милдеттендирилет. Ошондой эле шектүүнү кармап жатканда моюнунан муунтуп кармоого тыюу салынат. Жарандардын укугун бузганы үчүн полицияны жоопко тартуу чаралары катаалдаштырылат.

Би-Би-Си баяндамачысы Энтони Зуркер белгилегендей, мыйзам долбоору Жорж Флойддун өлүмүнө жана башаламандыктарга карата демократтардын расмий позициясы болду.

Расизмге каршы демонстрациялардан кийин жергиликтүү кеңеш Миннеаполистеги полиция кызматкерлеринин баарын кызматтан алууну сунуштады. Шаардык кеңештин депутаттары полицияны таратуу боюнча резолюция кабыл алды. Байкоочулар бул Миннеаполистеги узакка созулган татаал талкуулардын башталышы болуп калганын белгилеп жатышат. (AbA)