Эпидемиянын экинчи толкуну: Ирандагы кырдаал

Тегерандагы метро

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Тегерандагы метро. Эксперттер коомдук транспорт вирусту таратуу жолдорунун бири экенин эскертүүдө

Акыркы аптада Иранда коронавирус жуктургандар саны кескин өсүп кетти. Эл аралык эксперттер бул эпидемиянын экинчи толкунунан кабар берген белгилер экенин айтып, чочулап жатат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму айрым өлкөлөр карантин чараларын өтө эрте жоюп салып, тобокелчиликке барды деп эскертти. Карантин алынгандан кийин АКШда, Молдова, Түштүк Корея, Пакистан жана Түндүк Македонияда вирус жуктургандар саны кескин секирик жасады.

Башында иран бийлигинин карантин чараларын алуу планы болгон эмес. Бирок каржылык жактан кырдаал оорлошуп баратканда чектөө чараларын алууга аргасыз болгон. Апрелдин орто ченинде чектөө чаралары алынып, июндун башынан тарта вирус жуктуруп алгандар саны туруктуу өсүп жатат.

Расмий маалыматтарга караганда, июндун биринчи аптасында Covid-19 боюнча статистика майдын соңуна салыштырганда 50 пайызга өстү. Иран бийлиги көп убакытка чейин мечитти жана Кум шаарындагы ыйык жайларды жабуудан баш тартып келген. Кийин аларды жабууга мажбур болду.

Апрелдин ортосунда ооруну жуктургандардын көрсөткүчү азайа баштаганда, өкмөт кайра мурдакы жашоого кайтууга болот деп чечим чыгарган.

  • 20-апрелде соода борборлору, базар ачылып, провинциялар ортосундагы транспорт байланышы иштеп баштады
  • 22-апрелде парк жана балдар аянттары ачылды
  • 12-майда мечиттердин ачылышына уруксат берилди
  • 25-майда динийи ыйык жайлар, эртеси ресторан, кафе, музей жана тарыхый жайлар ачылган

Дароо эле коомдук транспорт, банк жана офистерде кишилердин кыймылы жанданды. Ошол эле маалда көптөр социалдык аралык дегенди унутушту. Ирандын башкы эпидемиологу Мухаммад-Мехди Гуйянын айтымында, тест көп өткөрүлүп жаткандыктан статистика өсүп жатат. Ошол эле маалда өлүм-житимдин көрсөткүчү апрелдегидей эле - суткасына жүздөн кем эмес.

Бирок президент Хасан Роухани эгерде абал оорлошуп кетсе, кайрадан чектөө чаралары кабыл алынышы мүмкүн экенин айтты.

Экономисттердин пикиринде, айрым өлкөлөр акыр аягына чейин экинчи толкунду четке кага берет. Анткени чектөө чараларын кайра киргизсе, жарандарына каржылык жардам кылууга чамасы жетпейт.

Эпидемиянын экинчи толкуну болобу же жокпу деген суроо азыр күн тартибинен алынды. Ал качан жана кандай болушу мүмкүн? Так мына ушул суроо алдыбызда турат, дейт Ооруларды алын алуу жана көзөмөлдөө боюнча европалык борбордун жетекчиси Андреа Аммон. (AbA)