ВИЧ инфекциясынан экинчи бейтап сакайды

  • Мишел Робертс
  • Ден-соолук бонча кабарчы
Adam Castillejo

Сүрөттүн булагы, Andrew Testa/New York Times/Redux/eyevine

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Адам Кастиллехо "үмүттүн элчиси" болгусу келет

Дарыгерлердин айтымында, Лондондогу бейтап ВИЧ инфекциясын жеңген экинчи адам болуп калды.

Адам Кастиллехо ретровируска каршы терапиясын отуз ай мурун токтоткон, азыркыга чейин инфекция кайтып келген жок.

Бейтапка ВИЧ инфекциясына каршы дары берилген эмес. Абройлуу саналган "Лансет" журналындагы маалыматка ылайык, Адам рак илдети менен дагы күрөшүп жаткандыктан, ага иммундук жетишсиздик вирусуна туруктуу иммунитети бар адамдын клеткасы трансплантацияланган. ВИЧ инфекциясына туруштук бере алган кишилердин гени өтө сейрек. Организмине вируска туруштук берген клеткалары жайгаштырылган Адам Кастиллехо инфекцияны жеңе алды.

2011-жылы "Берлиндик бейтап" каймана атка конгон Тимоти Браун үч жарым жыл бою окшош ыкма менен дарылангандан кийин ВИЧ инфекциясынан сакайган.

Инфекцияны дарылоо үчүн жаңы ыкма

Иммундук жетишсиздик вирусуна туруктуу иммунитети бар адамдын клеткасын инфекцияга кабылган бейтаптын организмине трансплантация кылуу, вирустун көбөйүшүн токтотот.

Аты-жөнүн ачык жарыялоону чечкен кырк жаштагы "Лондондук бейтаптын" канында, организминде ВИЧ инфекция жок.

Адам Кастиллехо бир жыл мурун ВИЧ инфекциясын жеңди деп жарыяланган, бирок анын аты-жөнү айтылган эмес. Андан бери инфекция кайтып келген жок.

Кембриж университетинин профессору, изилдөөнүн башында турган Равиндра Кумар Гупта "бул изилдөө ВИЧ инфекциясын айыктыра аларыбызды көрсөттү" деп Би-Би-Сиге билдирди.

"Эки жарым жылдан бери ретровирус кайтып келген жок. Биздин изилдөөбүз ВИЧ инфекциясына туруктуу иммунитети бар адамдын клеткасын трансплантациялоо вирусту жок кыларын тапты. Тогуз жыл мурун "Берлин бейтабы" вирусту ушул ыкма менен жеңген. Эми жаңы ыкманы улам кайталасак болот",-деп кошумчалады профессор Гупта.

Сүрөттүн булагы, Science Photo Library

Бирок мындай ыкманы дүйнөнүн булуң-бурчундагы ВИЧке кабылган миллиондогон бейтаптарга колдонсо болбойт. Оор жана агрессивдүү ыкма негизинен рак илдетине кабылган кишилерге колдонулат. Учурда ВИЧке каршы дарылар дагы деле эффективдүү саналат. ВИЧке кабылгандар бул дарылардын жардамы менен кадыресе турмушун улантса болот.

"Бул ыкма абдан оор, тобокелчилиги көп. Муну башка жол жок болгондо гана колдонсо болот. Ошондуктан клеткаларды трансплантациялоо ВИЧке кабылгандардын көбүнө сунушталбайт", деди профессор Гупта.

Ага карабастан, Кембриж университетинин изилдөөсү келечекте ВИЧ инфекциясын жок кыла турган дарылоо жолу табылат дегенге үмүт берди.

"Лондондук бейтап" ВИЧ инфекциясынан толугу менен айыктыбы?

Соңку тесттер "Лондондук бейтаптын" клеткалары 99 пайызга донордун клеткаларына айланганын көрсөттү. Бирок вирустун аз сандагы калдыктары организмде кала берет. Ошондуктан ВИЧ инфекциясы толугу менен жок кылында, артка кайтып келбейт деп айтууга болбойт.

"Мен үмүттүн элчиси болгум келет. Башкалар "сенин жолуң бар экен, сени тандап алышты" деп айтуусун каалабайм. Мен бир гана туура учурда, туура жерде болуп калдым",-деди Адам Кастиллехо.

Окумуштуулар соңку анализдер үмүт бергенин айтышууда, бирок убакыт барын көрсөтөт деп белгилешүүдө.