Бирдиктүү жарандык сезимдин тарбиясы

Махира Абдукаримова

Сүрөттүн булагы, kutbilim.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кара-Суу районундагы Чолпон орто мектебинин "Манас" ордендүү деректири Махира Абдукаримова

Он жыл мурда кандуу этникалык кагылышты башынан өткөргөн Кыргызстандын түштүгүндө жашаган кыргыз жана өзбек калкынын ынтымагын чыңдоодо, өзгөчө жаш муундарды жалпы бир жарандык сезимге, мекенчил болууга тарбиялоодо билим тарбия очокторунун, агартуу кызматкерлеринин салымы чоң болууда.

Көп тилде билим берүүнүн лидери

Кара-Суу районундагы "Чолпон" орто мектебине биз барган учурда олимпиаданын райондук турунун үстүнөн чыктык. Окуу-материалдык шарты жакшы болгон үчүн билим сынагы жана башка чоң иш чаралар ушул мектепте өткөрүлөт.

Махира Абдукаримова мурда облустук билим берүү башкармалыгында жетекчи болуп иштеп келген. Ошондой тажрыйбасы бар такшалган деректир башкарган үчүн бул мектепте окуу-тарбиялык иштердин деңгээли жогору.

"Мектепте беш мугалим кыргыз, калгандары өзбектер. Ошол беш кыргыз мугалим өзбек мугалимдерди кыргыз тилине окутуп жатышат. Мына ушуну менен бешинчи жылы ар айда кыргыз тилинен жат жазуу жазышат, ал эми орус тилинен диктант жазышат. Себеби, ата-энелер бизге кыргыз жана орус класска берип жатат да балдарын. Ошондуктан мугалимдерге эгер иш керек болсо, кыргыз жана орус тилдерин үйрөн деп талап коюп жатабыз",-деди Махира Абдукаримова.

Бул мектепте окутуунун чоң өзгөчөлүгү - бир эле учурда кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде окутат. Бирок кийинки жылдары ата-энелер балдарын кыргыз жана орус тилде окутууну каалагандыктан, алар үчүн өзүнчө кыргыз жана орус класстары ачылды.

Көп тилде билим берүү эң оболу өзбек улутундагы окуучулар үчүн мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайына өтүүгө жол ачты. Анткени жогорку окуу жайына тапшырууга укук берген ЖТР сынагы кыргыз жана орус тилдеринде гана өтөт. Ошондой эле жогорку окуу жайларында окутуу дагы негизинен кыргыз жана орус тилдеринде. Эми алар бул тилдерди жеткиликтүү деңгээлде окуп, ЖРТ жакшы көрсөткүчтөр менен тапшырып, университеттерге барып окуй алышат. Алар үчүн азыр мамлекеттик кызматка баруунун башка жолу жок. Мына ушундай көп тилде билим берүүнү ийгиликтүү ишке ашырган үчун 2017-жылы Махира Абдукаримованы өлкөдөгү эн чоң сыйлык "Манас" ордени менен сыйлашты. Бул райондо мындан жогорку сыйлык алган башка эч ким жок.

Сүрөттүн булагы, kutblim.kg

"Быйыл он тогуз балабыз ОРТ тапшырды, анын он төртү окууга өттү. Биздин үч жылдан бери 70% ашык окуучубуз босого баллдан жогору балл алып, жогорку окуу жайына өткөнүнө байланыштуу мага "Манас" орденин беришти",-дейт Махира Умаровна.

"Максат - мамлекеттик тилди сиңирүү"

Эки элдин дили менен маданиятын жуурулуштуруп, балдарды мекенчил болууга тарбиялап келаткан экинчи каарманыбыз Жалал-Абад областынын Сузак районундагы «Дома-Ата» атындагы орто мектебинде музыка мугалими Махамаджан Мадаминов. Аны бул райондо кыргыз тилинин жана маданиятынын эң активдүү күйөрманы деп билишет. Кыргыз тилин окуп үйрөнүүдөгү үгүт-насыят иштери үчүн аны өткөн жылы премьер-министр чакырып, Өкмөттүн Ардак Грамотасы менен сыйлады.

"Максат - мамлекеттик тилди окуучуларга сиңирүү. Биздин мектептеги бардык окуучулар жана мугалимдер аны билет жана ырдашат",-дейт Махамаджан.

Ал облуста Кыргызстандын мамлекеттик гимнин, Кыргызстандын мамлекеттик тил гимнин мектептерде үйрөтүү боюнча жана жайылтуу иштеринин демилгечиси болуп келет. Анын мектебинде 2-класстан баштап 11-класска чейин окуучулар жана мугалимдер баары мамлекеттик тил гимнин билет жана ырдашат. Анын ар бир сабагы мамлекеттик гимн менен башталат. Мектепте өзүнүн мээнети менен "Адабият, искусство жана музыка" музейин уюштурду.