Греция туристтерди кабыл ала баштады. Жагдай кандай болот?

Греция

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жыл сайын Санторини аралына миллиондогон турист келет

Быйылкы туристтик агымдын токтоп калышы Жер Ортолук деңиздеги Греция сыяктуу өлкөлөр үчүн күтүүсүз сокку болду. Бул өлкөдө ички дүң өндүрүмдүн 30 пайызы жана ар бир бешинчи жумушчу орун ушул тармакка туура келет. Грек аралдарында элдин көпчүлүгү туризм менен тиричилик кылат.

Өткөн жылы Грецияга 33 миллион киши келип кеткен. Алардын көбү туризмге ылайыкталган аралдарга келишти.

Аралыктан температура тешкерүүчү камералар станцияларга орнотулду. Дүйшөмбүдөн тарта Салоники шаарындагы аэропорт эл аралык каттамдарды кабыл ала баштайт. Аралга европалык өлкөлөрдүн көпчүлүгүнөн келген каттамдарга, ошондой эле Израил, Жапония, Австралия жана Жаңы Зеландияга уруксат берилди.

Коронавирус көрсөткүчү төмөн болгон 29 өлкөдөн келгендерди текшерүүдөн өткөрүп, анан киргизишет. Ал эми коронавирус өтө кооптуу болуп жаткан Британия жана Орусия сыяктуу өлкөлөрдөн учуп келгендер сөзсүз тест тапшырат.

Сүрөттүн булагы, Michael Ermogenis

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Санторининин ээн алган көчөлөрү

Грециянын Улуттук саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, жекшембиде тогуз жаңы учур катталды. Өлүм-житим жок. Жалпысы болуп өлкө боюнча 3100 чамалуу кишиден аныкталган. Пандемиядан 183 киши каза тапты.

Өлкөнүн экономикасынын белгилүү бөлүгү туристтердин эсебинен түшкөн каражат аркылуу кармалып турат. 2008-жылдагы каржылык кризистен чыгып кетүүгө туризмдин жардамы чоң болду. Бирок ошондой болсо дагы бул тармакты башкаруусу чабал экенин айткандар бар. Ошол эле маалда экономиканын туризмге байланып калышы дагы көптөгөн көйгөйлөрдү жараткан. Айталы, аз айлык алып, сезондо гана иштей турган өтө көп сандагы жумушчу катмары пайда болду. Сезондук жумуш менен алектенгендердин көбү жаштар, аялдар жана мигранттар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Өлкөнүн экономикасынын белгилүү бөлүгү туристтердин эсебинен түшкөн каражат аркылуу кармалып турат

Дүйнөдөгү популярдуу саналган Венеция жана Амстердам сыяктуу туристтик жайлар пандемия туризмдин туруктуу жана жаңы үлгүсүн иштеп чыгууга түрткү бергенин айтып чыгышты.

Бирок азырынча Грециянын өкмөтү мындай жаңылануу тууралуу эч кандай убадаларды берген жок. Учурда көпчүлүк тургундар үчүн вирустун экинчи толкунунан качууга мүмкүнчүлүк табуу, туристтердин эсебинен акча иштеп калуу маанилүү болуп турат. (AbA)