Бээжинде коронавирустун жаңы очогу: шаар эки апталык карантинге жабылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бээжинде коронавирустун жаңы учуру катталган базардын кызматкерлеринен тест алып жатышат
Бээжинде коронавирустун жаңы очогу катталып, бийлик баш калаадагы компанияларды жана бизнести 14 күндүк карантинге жапты. Коронавирустун очогу Бээжиндеги дүң соода базары болду. Базардагы ондогон кызматкерден коронавирус аныкталды. Шаардык мэриянын өкүлү Бээжинге убактылуу өзгөчө кырдаал мезгили келгенин айтты.
Быйыл жыл башында Ухандагы үй жана жапайы жаныбарлар сатылган базарда жаңы коронавирустун кишиге жуккан учуру белгилүү болуп, январдын этегинде Кытай шаарлары карантинге алынган. Андан бир топ күндөн кийин Кытайдан башка өлкөлөрдө вирус жуккан 82 учур катталганда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өзгөчө кырдаал жарыялады.
Өткөн аптада Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму айрым өлкөлөр карантин чараларын өтө эрте жоюп салып, тобокелчиликке барды деп эскертти. Карантин алынгандан кийин АКШда, Молдова, Түштүк Корея, Пакистан жана Түндүк Македонияда вирус жуктургандар саны кескин секирик жасаган. Айталы, Иранда акыркы аптада коронавирус жуктургандар саны кескин өсүп кетти. Эл аралык эксперттер бул эпидемиянын экинчи толкунунан кабар берген белгилер экенин айтып, чочулап жатат.
АКШ
АКШнын башкы эпидемиологу жана Ак үйдүн кеңешчиси Энтони Фаучи инфекциянын тароо индекси өсүү үстүндө гана болуп жатканын, мурунку жашоого толук кайтууга бир жылдан кем эмес убакыт керектеле турганын эскертти. Британдык Telegraph басылмасына берген интервьюсунда вакцина чыкканга чейин чет жерден коноктор АКШга келе албай турганын айтты. Европалык өлкөлөрүнүн бардык жарандарына, Кытай менен Бразилия жарандарына өлкөгө келүүгө тыюу салынды.
Европа
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Швейцария менен Франциянын чек арасында
Евробиримдиктин өлкөлөрү 15-июндан тарта ичи чек араларын ача баштады. Бирок биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн жарандары гана чек арадан өтө алат. Калган өлкөлөргө 1-июлдан тарта ачылат деп күтүлүүдө. Тагыраагы, Испания толук чек араларын ачуу планын жарыялады. Ал ортодо Греция инфекция кеңири жайылган Улуу Британия жана АКШ жарандары азырынча киргизбей турганын айтты. 15-июндан тарта Украина дагы эл аралык каттамдарын жандантат.