"Эки кишини сактадым": ашынган оңчулду жаалданган топтон сууруп чыккан Хатчинсон

Патрик Хатчинсон выносит из толпы человека

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Патрик Хатчинсон ушул сүрөттөн кийин дүйнөгө атагы чыкты

Лондондогу фитнес клубда машыктыруучу болуп иштеген Патрик Хатчинсон жаалданган топтун ортосунан ашынган оңчулду көтөрүп чыгып, анын өмүрүн сактап калды.

Өткөн дем алыш күнү Лондондо эки башка демонстрация өткөн. Бири Black Lives Matter же "Каралардын өмүрү дагы мааниге ээ" кыймылдын өкүлдөрү расизмге каршы митинг өткөрсө, экинчиси ашынган оңчулдардын тарыхый эстеликтерди коргоо нааразылык акциясы болду.

Британиянын парламенти жайгашкан көчөгө башында ашынган оңчулар менен футбол фанаттары топтолгон. Алар Уинстон Черчиллдин эстелигин коргогону келгенин айтышкан. Буга чейин Black Lives Matter кыймылы айрым саясатчы, соодагер меценат, колониализм жана кулчулукка тиешеси бар кишилердин эстеликтерин алып салууну талап кылышкан. Алардын арасында Черчиллди колониализмге катышкан расист катары аташкандар болуп, анын эстелигине граффити жазып кетишкен.

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Расизмге каршы нааразылык акция учурунда Британиянын мурдагы премьер-министри Уинстоне Черчилль тууралуу талаш-талкуу күчөдү

Эки тарап Лондондун бир нече аймагында кагылыша кетти. Жүздөн ашуун киши камакка алынды.

Патрик Хатчинсон достору менен Темза дарыясынын түштүк тарабында жайгашкан Ватерлоо темир жол бекетине жакын аймакта туруп, ашынган оңчулдар менен Black Lives Matter демонстранттар ортосундагы тирешүүгө күбө болгон.

"Мен башкалардан алыс турдум эле, так эмне болуп жатканын көргөн жокмун. Ашынган оңчулдар менен футбол хулигандары бир учурда чуркап кетишти, алардын бири топтун ортосунда калды. Ал жерге жыгылганда, абдан кооптуу жагдай түзүлдү, аны тебелеп кетишмек. Айрымдар жерде жаткан оңчулду эч ким тийбесин дегендей курчап калышты. Жүгүрүп барып, өрт өчүрүү кызматкерлериндей аны далыма көтөрүп, топтун ортосунан чыгып кеттим. Досторум мени жана ашынган оңчулду калкалап турду",-деп айтып берди Хатчинсон Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Патрик Хатчинсон: эки кишинин өмүрүн сактадым

Кылмышты алдын ала токтотуу

"Эки адамдын өмүрүн сактап калдым. Бири ашынган оңчул, экинчиси аны уруп, же кокустан мертинтип алып түрмөгө кесиле турган кишинин өмүрү",-деп кошумчалады Хатчинсон.

Айрым британиялык журналисттер Хатчинсон куткарган кишини ашынган оңчул топтордун лидери катары аташууда. Бирок бул маалымат азырынча тактала элек.

25-майда АКШда Жордж Флойд полициянын колунан ажал тапкандан кийин Black Lives Matter кыймылы бүткүл дүйнөгө тарап, бир нече өлкөдө расизмге каршы демонстрациялар болду.

Патрик Хатчинсон болсо полиция кызматкерлери коркпой, кесиптешин токтотсо Жорж Флойд аман калмак деп белгиледи.

"Алар милдетин аткарган жок, алар кылмышты токтотушкан жок",-дейт ал.