КЭДР бийлиги Түштүк Корея менен байланыш штабын жардырып жиберди

Штаб с большой помпой открыли в сентябре 2018 года

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Штаб 2018-жылы шаан-шөкөт менен ачылган эле

Түштүк Кореянын расмийлери кабарлагандай, Түндүк Корея чек арадагы Кэсон шаарында жайгашкан биргелешип аракеттенүү штабын жардырып жиберген.

Мунун алдында КЭДР бийлиги коңшусун согуш менен коркуткан опузаларын күчөткөн. Эки Корея ортосундагы байланыш штабы 2018-жылы Ким Чен Ын менен президент Мун Чже Индин жолугушуусунан кийин КЭДР аймагында шаан-шөкөт менен ачылган эле. Штабды ачуунун максаты эки өлкөнүн байланыштарын бекемдөө аракети болгон.

2020-жылдын январынан тарта Covid-19 пандемиясынан улам киргизилген чараларга байланыштуу штаб бопбош турду. Түштүк Корея расмийлери жергиликтүү убакыт боюнча 2.49да штабда жардыруу болгонун билдирди. Эки мамлекет 2018-жылы болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин түз байланышып турууга макул болгон. Covid-19 вирусу түзгөн коркунучтан улам январь айында байланыш мекемелери убактылуу жабылган. Бирок мамлекет лидерлери менен жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп турган эле. Түндүк менен Түштүк Корея расмийлери күнүнө эки жолу, саат 09:00 жана 17:00 телефон аркылуу сүйлөшүп турчу. Өткөн аптада Сеул 21 айда биринчи жолу байланышка Пхеньян тараптан эч ким жооп бербегенин билдирген.

Соңку аптада Түндүк Корея менен Түштүк Корея ортосундагы чыңалуу күчөп кетти. Анткени түндүктөн качып өткөндөр Түштүк Кореяда туруп алып, КЭДРге пропагандалык маалыматтарды таратышкан. Маалымат баракчалары 2018-жылы жетишилген келишимди бузат, дейт КЭДР.

2018-жылы Түндүк менен Түштүк Кореянын мамилеси оңолгон, эки мамлекеттин лидерлери үч жолу бетме-бет жолуккан. Бирок 2019-жылы Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Трамп ортосундагы Вьетнамда өткөн жолугушуусу ийгиликсиз аяктагандан бери Түндүк менен Түштүк Кореянын лидерлери жолуга элек.

Коңшу мамлекеттер 1953-жылдан бери согуш абалында, тынчтык келишимине кол коё элек. (AbA)