Беларустагы “байкоочуларcыз” өткөн президенттик шайлоо

Кандидаты в президенты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Беларуста президенттик шайлоо соңуна чыгууда. Жергиликтүү убакыт боюнча 13.00гө карата шайлоочулардын 54 пайызы добуш берүүгө катышты, деди БШК.

Шайлоого байкоо салган кабарчылар добуш берүү тынч маанайда өтүп жатканын айтууда. Светлана Тихановскаянын бириккен штабынын өкүлү Мария Колесникова добуш берүүгө келди. Анын кечинде милиция тарабынан кармалганы айтылып, бирок кайра дароо бошотушкан.

Апта башынан бери алдын ала добуш берүү жараяны жүрдү. БШК шайлоочулардын 41,7 пайызы алдын ала добуш бергенин кабарлады. Мындай норма Беларусь мыйзамдарында каралган. Бирок бир катар эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар мындай ыкма добуш берүүнү бурмалоону бир жолу экенин белгилөөдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Талапкерлер жана алардын кадыр-баркы

Александр Лукашенко 1994-жылдан бери бийликте келе жатат. Бул анын алтынчы жолку шайлоосу. Анын төрт атаандашы бар: Андрей Дмитриев, Сергей Черечень, Анна Канопацкая, Светлана Тихановская.

Саясат талдоочулар Лукашенко эң негизги атаандашы катары Светлана Тихановскаяны аташкан. Тихановскаянын күйөөсү оппозициялык ишмер Сергей Тиханов алдыдагы шайлоодо Александр Лукашенкого атаандаш болуп чыгууга белсенип жаткан эле. Бирок ал камакка алынды. Анын ордуна жубайы Светлана Тихановская катышууну чечкен. Лукашенко болсо оппозицияны сынга алып, өлкөнү "аялдар башкара албайт" деп билдиргени бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Борбордук шайлоо комиссиясы президентке күчтүү оппозиция боло алчу Виктор Бабарико менен Валерий Цепкалону талапкер катары каттабай койду. Бабарико учурда камакта отурат, ал 18-июнда "салыкты жашыруу", "пара алуу", "акча адалдоо" беренелери менен айыпталып Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Аны менен чогуу уулу Эдуард жана банкта иштеген жыйырмадай киши кармалган. Укук коргоо уюмдары аларды саясий туткун деп атады. Цепкало менен Бабариконун тарапкерлери үгүт иштери учурунда Тихановскаяны колдой турганын маалымдаган. Бабарико штабынын башчысы Мария Колесникова менен Цепкалонун жубайы Вероника дагы ага колдоо көрсөтүп жатышат.

Байкоочулар

Сүрөттүн булагы, Reuters

Бул жолку президенттик шайлоодо Батыштан келген байкоочулар: ЕККУ, ПАСЕ ж.б. уюмдардан эч ким катышкан жок. Орусиянын БШКсы дагы байкоочуларын жөнөтүүдөн баш тартты. Байкоочулук миссияны КМШ жана бир катар мурунку советтик республикалардан келгендер ишке ашырууда.

БШК тарабынан катталган көз карандысыз байкоочуларды добуш берүү жайларына жакындатпай жатканы тууралуу даттануулар айтылууда. Беларустагы Хельсинки комитети өлкөнүн Башкы прокуратурасына кайрылып, каттоодон өткөн 181 кишинин он бешин гана добуш берүү жайларына киргизгенин даттанды.

Укук коргоочулар көз карандысыз байкоочулар кармалган ондогон учурлар тууралуу айтууда. (AbA)