Беларусь шайлоосу: добуш берүүдөн кийинки кагылышуу

Задержание протестующего в Минске

Сүрөттүн булагы, Reuters

Экзитполдор (өлкөдө муну өткөрө турган көз карандысыз уюмдар жок экенин эстен чыгарбоо зарыл) Лукашенко ишенимдүү жеңишке жеткенин айтууда. Лукашенко жалпы шайлоочулардын 79,7% добушун алды. Тихановская 6,8% добуш алган. Добуш берүүнү альтернативдүү эсептеген "Голос" платформасы болсо шайлоочулардын 80 пайызы Тихановская добуш берди деп билдирди.

Беларустагы президенттик шайлоого катышуу 84,05 пайызды түздү. Ошол эле маалда алдын ала добуш берүү жогорку көрсөткүчтө болду. Байкоочулар добуш берүү маалында көп сандагы мыйзам бузуулар болгонуна көңүл бурууда.

Лукашенко эрте менен добуш берүүгө катышкан боюнча коомчулуктун көзүнө түшкөн жок. Тихановская күч түзүмдөрүнө кайрылып, зомбулукту токтотууга чакырды. Каршылык билдирүү үчүн чогулгандарды чагым салууга негиз бербегиле деп эскертти.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн булагы, Reuters

Беларустагы президенттик шайлоодон кийин нааразылык акциясы дүрт алды. Добуш берүү бүтөр замат милиция менен кагылышуулар болду.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн булагы, Reuters

Массалык жүрүш Минсктин борборунда орун алып, чогулгандарды таратуу үчүн милициянын атайын күчтөрү үн күчөткүч граната колдонду.

Бир нече киши жаракат алып, бир кишини унаа коюп кетти. Беларустун Ички иштер министрлиги кырдаалды көзөмөлдө деп билдирди. Бирок ар кайсыл жерде кагылышуулдар орун алууда.

Би-Би-Си окуя болгон жерден алынган сүрөттөрдү жарыялады.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн булагы, EPA

Милиция үн күчөткүч граната жана желим ок колдонду. Бир нече демонстрант жаракат алды. Демонстранттар күч түзүмдөрүнө каршы баррикадаларды курушту.

Бийлик расмий жыйынтыктарга чейин эле Минскке күч түзүмдөрүн жайгаштырган. Түндөсү коопсуздук күчтөрүнүн катары улам көбөйүп жатты.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн булагы, Reuters

Кагылышуулар бир эле Минск шаарында эмес, башка аймактарда дагы болду.

Окуя болгон жерден алынган кадрлар милиция демонстранттарга карата өтө катаал мамиле кылганын көрүүгө болот. (AbA)

Сүрөттүн булагы, Reuters

*