БШК: Лукашенко добуштардын 80 пайызын алды

Подсчет голосов в Минске

Сүрөттүн булагы, Reuters

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы Александр Лукашенко жекшембиде өткөн шайлоодо жалпы добуштардын 80,23 пайызын алганын кабарлады. Анын негизги атаандашы саналган Светлана Тихановская 9,90% добуш алган.

Шайлоого катышуу 84,23 пайыз болду.

"Бул тыянактар чоң деле өзгөрүүгө учурабайт",-деди БШК төрайымы Лидия Ермошина. Акыркы жыйынтык апта соңунда жарыяланат.

Бул расмий маалыматтар буга чейинки экзитпол тыянактарына туура келет. Экзитполдор (өлкөдө муну өткөрө турган көз карандысыз уюмдар жок экенин эстен чыгарбоо зарыл) Лукашенко ишенимдүү жеңишке жеткенин айткан. Добуш берүүнү альтернативдүү эсептеген "Голос" платформасы болсо шайлоочулардын 80 пайызы Тихановская добуш берди деп билдирди.

Беларустагы президенттик шайлоодон кийин нааразылык акциясы дүрт алды. Добуш берүү бүтөр замат милиция менен кагылышуулар болду.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Ермошина басма сөз жыйынында түндөсү саат бирлер чамасында комиссия жайгашкан өкмөт үйүнөн аларды коопсуз жайга чыгарып кетишкенин айтты. "Ошондуктан биз түндөсү жыйынтыктарды чыгара алган жокпуз" деди ал.

Милиция кырдаал көзөмөлдө турганын кабарлап жатат. "Весна" укук коргоо борборунун маалыматы боюнча 120дай киши кармалды. Минскте түн жарымда 61 кишини кармашкан. Өлкөнүн башка аймактарынан 79 адам кармалды. Тергөө комитети "массалык башаламандык", "милицияга карата зомбулук аракети" деген беренелер менен кылмыш ишин козгогон.

Тергөө комитетинин жетекчиси Иван Носкевич "бул аракет үчүн мыйзамда 8-15 жылга эркинен ажыратуу каралганын" эске салды.

Шайлоо кандай өттү

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Москвадагы Беларусь элчилигинин алдындагы кезек

Бардык аймактагы добуш берүү жайлары саат 20:00 чейин жабылышы керек эле. Бирок кишилердин узун кезектери пайда болуп, Минскте айрым жерлерде добуш берүү мөөнөтү узартылды. Ал эми айрым жерлерде тарап кетүүгө буйрук берилип, ага көнбөгөндөрдү күч менен кармашкан.

Өлкө боюнча интернет улам үзгүлтүккө учурап жатканы байкалды. Добуш берүү жүрүп жаткан күнү бир нече журналист кармалды.

Бул жолку президенттик шайлоодо Батыштан келген байкоочулар: ЕККУ, ПАСЕ ж.б. уюмдардан эч ким катышкан жок. Орусиянын БШКсы дагы байкоочуларын жөнөтүүдөн баш тартты. Байкоочулук миссияны КМШ жана бир катар мурунку советтик республикалардан келгендер ишке ашырды. Алар шайлоо тыянагына таасир эте турган эч кандай одоно мыйзам бузуулар болбогонун билдирди.

Бирок айрым көз карандысыз байкоочулар ондогон мыйзам бузуулар тууралуу айтууда. Маселен, өткөн аптада алдын ала добуш берүү жараяны жүрдү. БШК шайлоочулардын 41,7 пайызы алдын ала добуш бергенин кабарлады. Мындай норма Беларусь мыйзамдарында каралган. Бирок бир катар эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар мындай ыкма добуш берүүнү бурмалоону бир жолу экенин белгилейт. (AbA)