УКМК кармаган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев тууралуу эмне билебиз?

Ҳақназаров

Кыргызстандын коопсуздук кызматы өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин кармалганын ырастады. Ал Минск конвенциясынын алкагында мурдагы кылмышы үчүн кармалган деп айтылат. Ага Өзбекстандын милициясы издөөгө салган экен. 47 жаштагы өзбекстандык журналистти өз өлкөсүнө өткөрүп берүү жагы каралып жатканы белгилүү болду.

Абдуллаев Өзбекстанда "интернетке конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган маалыматтарды жарыялаган" деп айыпталып, эки жыл мурун шартуу түрдө кесилген. Ага чейин бир жылдай абакта кармалган. Абдуллаев интернет желесинде "Усман Хакназаров" деген ат менен белгилүү.

"Усман Хакназаров"

Өзбекстанда көз карандысыз журналист жана спорт баяндамачысы катары таанылган Бобомурод Абдуллаев маркум президент Ислам Каримовдун учурунда "Усман Хакназаров" деген каймана ысым менен сын макалаларды интернетке жарыялап келген. Бул тууралуу 2017-жылдын 3-октябрында Өзбекстан элдик кыймылынын төрагасы Мухаммад Салих айтып чыккан эле. Салих мындай билдирүүнү журналисттин тагдырына камтама болгондон улам жасап жатканы менен түшүндүргөн.

Ушул эле жылдын 1-октябрындагы Юнусобод райондук сотунун чечими менен Бобомурод Абдуллаевге "конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган материалдарды жарыялаган" деген айып тагылганы белгилүү болду. Ага эки айга чейин адвокаттары жана жакындары менен көрүшүүгө уруксат беришкен эмес. Ташкент шаардык соту ишти карап баштаган учурдан тарта Бобомурод Абдуллаев мурдагы көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, тергөө маалында кыйноого алынганын айтып чыкты.

Ал 2003-жылдан тарта "Усман Хакназаров" деген ысым менен макала жарыялап келгенин мойнуна алды. Бирок мындай ысым менен жарыяланган макалалардын баары эле ага тиешелүү эмес экенин айткан. Көрсөтмө бергендер дагы коркутууга кабылган, деген Абдуллаев. Жазган макалалары үчүн эч кимден жана эч бир саясий топтон буюртма жана акчалай сыйлык албаганын билдирген. Сот аны шартуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон. Кыйноо боюнча ички териштирүү жүргүзүүнү дайындаган.

Өткөн жылы жаза мөөнөтүн өтөп бүтсө дагы, чет өлкөгө чыгуу үчүн уруксат берилбей жатканын даттанган экен. Укук коргоо органдары анын иши көзөмөлдө турганын билдирген. Кийин ал башка кылмыш иши боюнча издөөгө алынганы айтылды. Кыргызстанга Борбор Азиядагы Америка университетине төрт айлык окуу үчүн келген деп айтылууда. (AbA)