Лукашенкону куттуктоого шашкан лидерлер жана Даниил Урицкий

Лукашенко Урицкий

Сүрөттүн булагы, official

Беларустагы президенттик шайлоонун эртеси күнү эле Александр Лукашенко Минск облусуна жумушчу сапары менен барып, "Беларус улуттук биотехнология корпорациясынын" иши менен таанышканын президенттин расмий сайты жарыялады.

Сайтка иш сапар учурундагы ондогон сүрөттөр жүктөлдү. Бул ишкананы 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин Кыргызстандан качып кеткен мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов жетектейт деп айтылып жүрөт. Аны ысымын Даниил Урицкий кылып өзгөртүп алганы тууралуу маалыматтар чыккан. Кыргызстандын мурдагы президенти К.Бакиев Беларуста башкалкалап жүргөнү баарына маалым. Ошондуктан Беларусь президентинин сайты жарыялаган сүрөттөр Кыргызстанда кезектеги жолу кызуу талкууга түшүүдө.

Сүрөттүн булагы, official

Данияр Үсөнов өзүнүн аты-жөнүн өзгөрткөнүнө байланыштуу, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2017-жылдын 14-декабрында эле Беларустун Башкы прокуратурасына өтүнүч келтирип, аны кайтарууну суранган. Бирок 2018-жылдын 6-мартына Беларусь прокуратурасы бул өтүнүчтү четке каккан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов боюнча Беларуска нааразылык нота жөнөтүп, анда өмүр бою абак жазасына кесилген Үсөновдун Беларуста ишмердүүлүк жүргүзүшү эки өлкөнүн мамилесине зыян келтирери айтылып, аны Кыргызстанга кайтаруу талабы коюлган. Учурунда Үсөновдун Даниил Урицкий деген ат менен паспорт алганы кызуу талкууланган эле. Кыргыз бийлигинин кайрылууларынан эч кандай майнап чыккан эмес.

Сүрөттүн булагы, official

Ал ортодо бир катар өлкө лидерлери Александр Лукашенкону президенттик шайлоодон утуп чыкканы менен куттуктап жатышат. Кыргызстандын, Орусиянын, Азербайжандын президенттери куттуктоо жөнөткөнүн расмий булактар кабарлашты.

Германия шайлоо тыянактарын тааныбай турганын билдирди. Бул тууралуу Германиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Штеффен Зайберт билдирүү жасаган. Бир нече телеграм-каналдар Минскте Европа Биримдигинин элчилери жыйынга чогула турганын жазды. (AbA)