Өлүм жазасына тартылгандарга берилген акыркы тамак

Фотограф Жаки Блак АКШнын түрмөлөрүндө өлүм жазасына тартылаар алдында кылмышкер өтүнгөн акыркы даамдарды сүрөткө түшүрдү.

A meal featuring french fries, scones, scrambled egg and toast

Сүрөттүн булагы, Jackie Black

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Клыделл Коулмэндин акыркы тамагы, ал 1999-жылы 5-майда өлүм жазасына тартылган

"Күнөлүү же күнөөсүз болуп, өлүм жазасына тартылар алдында каалаган тамакты суранып, акыркы жолу аны тамшанып жеп алуу кандай сезимдерди алып келет?",-деп сурайт америкалык фотограф.

"Балким, ал тамакты алдыбызда элестетсек, ошол сезимдерге жакындайбыз. Балким, аны элестетип жатып сот системасындагы кемчиликтер жөнүндө дагы ойлойбуз. Ошол эле маалда өлүм алдында турган адамга боорубуз ооруйт".

Фотограф Блак өлүм жазасына тартылган ар бир адамды дыкат иликтеп чыкты.

Дэвид Уайн Столкер

Сүрөттүн булагы, Jackie Black

Өлүм жазасына тартылган күн: 1997-жыл 16-июнь

Билими: Сегиз жылдык билими бар

Кесиби: Жыгач уста

Акыркы сөзү: "Жоготууңузга көңүл айткым келет...бирок мен эч кимди өлтүргөн эмесмин"

Антони Рэй Уестлей

Сүрөттүн булагы, Jackie Black

Өлүм жазасына тартылган күн: 1997-жыл 13-май

Билими: Сегиз жылдык билими бар

Кесиби: Кара жумушчу

Акыркы сөзү: "Мен эч кимди өлтүргөн эмесмин. Баарыңарды жакшы көрөм".

Томас Анди Бэйрфут

Сүрөттүн булагы, Jackie Black

Өлүм жазасына тартылган күн: 1984-жылы 30-октябрь

Билими: Белгисиз

Кесиби: Мунай тааласында иштеген

Акыркы сөзү: "Мурда бейкүнөө аялдарды жезкемпир деп өрттөгөндөй эле, бир күнү артты карап бул жаман окуяны дагы ошондой баалайсыңар деп үмүттөнөм. Мен эч кимге жамандык каалабайм, ошону билип алгыла. Баарыңарды кечирдим. Бирөөгө жамандык кылсам, алар дагы мени кечирет деп үмүттөнөм. Бир күн бою анын [жабыркаган кишинин] жубайы үчүн сыйындым, анын жүрөгүн оорутуп жаткан сезимдерден арылуусун кудайдан сурандым. Себеби, ошол сезимдер, башка күнөөлөрдөй эле аны тозокко алып барат. Бирөөгө жамандык кылсам кечирим сурайм. Мени дагы кечирет деп үмүттөнөм".

Жэймз Рассел

Сүрөттүн булагы, Jackie Black

Өлүм жазасына тартылган күн: 1991-жыл 19-сентябрь

Билими: Он жылдык билими бар

Кесиби: Музыка боюнча адис

Акыркы сөзү: Акыркы сөзү үч мүнөткө созулган, бирок ал жазылбай калган.

Жэффрей Аллен Барней

Сүрөттүн булагы, Jackie Black

Өлүм жазасына тартылган күн: 1986-жыл 16-апрель

Билими: Белгисиз

Кесиби: Белгисиз

Акыркы сөзү: "Кылмыш үчүн кечирим сурайм. Жазамды туура алып жатам. Кудай кечире көр".

Жонни Франк Гарретт

Сүрөттүн булагы, Jackie Black

Өлүм жазасына тартылган күн: 1992-жыл 11-февраль

Билими: Жети жылдык билими бар

Кесиби: Кара жумушчу

Акыркы сөзү: "Мени колдоп, жанымда болгону үчүн үй-бүлөмө ыраазычылык билдиргим келет. Дүйнө жүзүндөгү калгандар кара жерге киргиле".

Уиллиам Принц Дэйвис

Сүрөттүн булагы, Jackie Black

Өлүм жазасына тартылган күн: 1999-жыл 14-сентябрь

Билими: Жети жылдык билими бар

Кесиби: Уста

Акыркы сөзү: "Үй-бүлөмдөн болгон дилим менен кечирим сурагым келет. Мен аларга туура эмес кадамым менен кайгы жана азап алып келдим...Өлүм жазасына тартылуу алдында турган кишилерге дагы ыраазычылык билдиргим келет, алар көп жылдар бою мени колдоду. Өзүмдүн органдарымды донор катары илимге берип жатам. Бул кадамым менен бирөөнүн өмүрүн сактап калам деп үмүттөнөм. Болду, башка сөзүм жок. Баса, акыркы сөзүм, күзөтчү ковбойлор эмне болду?"

Жералд Ли Митчелл

Сүрөттүн булагы, Jackie Black

Өлүм жазасына тартылган күн: 2001-жыл 22-октябрь

Билими: Он жылдык билими бар

Кесиби: Жыгач уста

Акыркы сөзү: "Азапка батырганым үчүн кечирим сурайм. Өмүрдү колуңдан үзүп алганым үчүн кечирим сурайм. Кудайдан кечирим сурап жатам, сенден дагы ошону өтүнөм. Албетте, мени кечирүү оор болот, бирок кылмышым үчүн кейип турам. Үй-бүлөмдүн ар бир мүчөсүн жакшы көрөм. Кайраттуу болгула. Дайыма силердин жаныңарда болом. Мен кудайдын жанында болом, ошону үчүн кайгырбагыла".

Жэймх Битхард

Сүрөттүн булагы, Jackie Black

Өлүм жазасына тартылган күн: 1999-жыл 9-декабрь

Билими: Он беш жылдык билими бар

Кесиби: Мотоцикл механиги

Соттук угуулардан кийин прокурордун негизги күбөсү көрсөтмөсүнөн баш тарткан. Абактан эрте бошотуу боюнча комиссиянын үч мүчөсү аны эркиндикке чыгаруу керек экенин айткан.

Акыркы сөзү: "Биринчи кезекте, үй-бүлөмө ыраазычылык билдиргим келет. Меникиндей үй-бүлө дүйнөдө жок. Меникиндей ата-эне эч кимде жок. Кызым менен уулум үчүн ар дайым сыймыктанып келем".

"Адам баласы айрым гана учурда башка бирөөнүн сөзүнө көңүл бурат экен. Бул ошол учурларды бири болгондуктан айрым олуттуу көйгөйлөргө токтолгум келет. Америка Кошмо Штаттары адамдын өмүрүн сыйлабаган деңгээлге жетти. Менин өлүмүм чоң илдеттин симптомдорунун бири. Өкмөт ойгонуп, башка мамлекеттерди талкалаганын, бейжазык балдардын өмүрүн алганын токтотушу керек. Иран, Ирак, Куба жана башка мамлекеттерди санкцияга алып, эмбарго жарыялаганы эчтекени өзгөрткөн жок, тескерисинче бейкүнөө балдарды кыйнап жатат".

"Андан дагы маанилүү көйгөй, айлана-чөйрөнү талкалап жатканыбызга көңүл буралы. Себеби ушул нукта кете берсек, башка адамдарга кандай мамиле кылганыбыз маанисин жоготот, баарыбыз кырылып жок болобуз".

"Сөз эркиндиги аркылуу дүйнө чындыкты билип жатканы бышык. Эл эмне болуп жатканын эркин прессадан окуйт. Биз аны колдошубуз керек. Азыр эркин болгон уюмдар кыйынчылыкка туш болду".

Акыркы тамак көргөзмөсү Нью-Йорк шаарындагы Parrish Art музейинде 2021-жылдын январь айына чейин көрсөтүлөт.

Сүрөттөрдүн автордук укугу корголгон.