Меркель Беларустагы кырдаал тууралуу Путин менен сүйлөштү

Ангела Меркель

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ангела Меркель Европадагы эң алдыңкы саясатчылардын бири

Германия канцлери Ангела Меркель Беларустагы кырдаалды Орусия президенти Владимир Путин менен талкуулады, деп кабарлады өкмөттүн сайты.

Меркель өз сөзүндө беларустун бийлиги зомбулуктан баш тартып, саясий туткундарды бошотушу керек деп айткан. Ошондой эле оппозиция жана коомчулук менен сүйлөшүүгө чакырган.

Москвага коңгуроо кылуу боюнча пикирин Литванын президенти Гитанас Науседе менен сүйлөшкөн учурда айтканы белгилүү болгон. Канцлер Литва бийлигинин Лукашенконун атаандашы Светлана Тихановскаяга көмөк көрсөткөнүнө ыраазычылыгын айтты. Беларустагы президенттик шайлоодон кийин Тихановская Литвага чыгып кеткен эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Литва Беларустагы окуяларда Орусиянын аскердик кийлигишүүсү болушу мүмкүн экенин да эскертүүдө.

Минскидеги шайлоо тыянагына нааразы болгондордун каршылык жүрүшү токтобой жатат. Өлкөдөгү ири ишканалардын жумушчулары дагы иш таштоо жарыялады. Кечээ күнү президент Лукашенко иш таштоого барган машина куруучу МЗКТ заводунун жумушчулары менен жолукту.

Президент Лукашенко тик учак менен учуп барды. Жумушчулар аны сүйлөтө койбой "кетсин" деп кыйкырып турушту. Светлана Тихановская болсо видео кайрылуу жасап, зомбулукту токтотууга чакырды.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Өлкөдөгү ири ишканалардын жумушчулары дагы иш таштоо жарыялады

"Мен саясатчы болгум келген эмес. Бирок тагдыр мени зомбулук менен акыйкатсыздыкка каршы күрөштүн эң алдыңкы тилкесине алып келди. Биз баарыбыз 26 жыл мурун кабылган ушул баш-аягы жок айлампадан чыккыбыз келет. Мен ушундай кырдаалда улуттук лидерликтин жоопкерчилигин өзүмө алууга даярмын",-деди ал.

Бүгүн Беларустагы нааразылык жүрүштөрүнүн 10-күнү. Кечинде миңдеген кишилер катышкан акция Минскидеги Эгемендик аянтында уланды. Ошондой эле Гроднодо жана Гомелде өттү.Солигорск шаарында шахтерлор мөөнөтсүз иш таштоо жарыялады.

Лукашенко шайлоо добуштарын кайра эсептеп чыгууну сунуштаганын, бирок оппозиция ага макул болбогонун айтууда. Тихановскаянын штабы кайра эсептөөнүн зарылчылыгы жок, анткени түп нускадагы бюллетендер жок кылынган деп эсептейт.