Гонконгдо коронавирусту экинчи жолу жуктурган алгачкы бейтап аныкталды

Художественное изображение коронавируса

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Гонконг университетинин окумуштуулары Covid-19 вирусун экинчи жолу жуктурган алгачкы бейтапты аныктаганын жарыялады. Бейтап төрт жарым ай мурун вируска кабылып, андан сакайган экен.

Инфекцияга экинчи жолу кабылганда бейтап эч кандай симптомдорду көрсөткөн эмес. Ошондой эле бейтаптын рибонуклеин кислоталары SARS-Cov-2 вирусунун генетикасынан кескин айырмаланып турган.

Окумуштуулар Covid-19 вирусунан сакайган бейтаптардын иммундук системасы инфекцияга туруштук берип каларын аныкташкан. Бирок иммундук системанын коргонуусу канчалык кубаттуу жана канча мөөнөткө чейин вируска туруштук бере алары дагы деле белгисиз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Covid-19 вирусун грипп сыяктуу эле бир нече жолу жуктуруу мүмкүн болсо, вакцина иштеп чыгууда бир топ кыйынчылыктар пайда болот

Гонконгдогу изилдөө, адамдын иммундук системасы 800 миңден ашуун кишинин өмүрүн алган вируска кыска гана мөөнөткө туруштук бериши мүмкүн экенин көрсөттү.

Вирусту экинчи жолу жуктурган 33 жаштагы Гонконгдун тургуну коронавирустан апрель айында сакайган. Дарыгерлер бейтап вирусту жеңди деген диагноз менен аны ооруканадан чыгарган. Август айында Испаниядагы иш чарадан кайтып келген бейтап аэропорттон вирусту аныктоочу тесттен өткөн. Гонконгдо чет өлкөдөн келген жүргүнчүлөр милдеттүү түрдө тест тапшырат.

Буга чейин Кытайдын бийлиги вирусту экинчи жолу жуктурган бейтаптар тууралуу сөз кылган. Кеп вирустан сакайган 5-15 пайыздай бейтаптар жөнүндө айтылып жатат, деп билдирген Бээжин. Бирок дүйнөнүн алдыңкы окумуштуулары бул бейтаптар ооруну экинчи жолу жуктурбай эле толугу менен айыга электе ооруканадан чыгарылганын жүйөө кармашкан.

Гонконгдогу бейтап болсо эч кандай симптомдорду көрсөткөн эмес. Анда вирус бар экени капысынан, аба майдандагы милдеттүү текшерүүдө билинип калды.

Эгерде Covid-19 вирусун грипп сыяктуу эле бир нече жолу жуктуруу мүмкүн болсо, вакцина иштеп чыгууда бир топ кыйынчылыктар пайда болот.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга али эрте экенин билдирди. Себеби, бул жерде вирусту экинчи жолу жуктурган бир гана бейтап тууралуу сөз болуп жатат. Андан тышкары гонконгдук бейтаптын анализдери жана изилдөө илимий журналдарда жарыялана элек. Демек, жагдайдын көп тарабы дагы деле бүдөмүк бойдон.