"Тынчтык ыңкылабы": Тихановская бийлик менен сүйлөшүүгө даяр

акция протеста в минске

Сүрөттүн булагы, Reuters

Беларусь президенти Александр Лукашенконун шайлоодогу атаандашы Светлана Тихановская өлкөдө болуп жаткан окуяларды "тынч маанайдагы демократиялык ыңклап" деп атап, бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.

"Биздин максатыбыз - диалог аркылуу тынч жол менен акыйкат жана эркин шайлоого жетүү. Ошондуктан биз бийлик менен сүйлөшуүгө даяр экенибизди билдирем. Биз сүйлөшуү жүргүзө турган кишилерди дайындоого даярбыз",-деди Тихановская.

Сүрөттүн булагы, TUT.BY

Сүрөттүн булагы, EPA

Эки апта мурун Беларусту таштап чыгып кетип, Литвада башкалкалап жаткан Тихановская Европарламент депутаттарынын алдында сөз сүйлөдү. Ал учурда Минскиде президенттик шайлоонун тыянагына нааразы болгон акциялар уланып жаткан эле.

Беларустун Жогорку Соту 9-августта өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарып, кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Бул тууралуу арыздар добуш берүүнүн эртеси күнү эле келип түшкөн.

Тихановская өзүн жана тарапташтарын оппозиция деп атаганга болбойт деди. "Биз эми азчылыкты түзгөн оппозиция эмеспиз. Азыр биз көпчүлүктү түзөбүз",-деди ал.

Кечээ күнү Минскинин Эгемендик аянтында беш миңдей киши катышкан митинг өттү. Мунун менен катар эле Комаров базарына жакын жерде "Батька үчүн" деген Лукашенконун миңдей тарапташы акция өткөрдү. Эгемендик аянты милициянын атайын күчтөрү менен курчалып турган. Оппозициялык митингдин айрым катышуучулары кармалганы айтылды. Бирок так саны белгисиз.