Британ армиясы танктардан баш тартышы мүмкүн

Учения британской армии
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Эксперттер танктардан баш тартуу чоң ката болорун айтууда

Times гезити Британиянын аскер расмийлери танктардан баш тартып, анын ордуна жаңы технологияларга басым жасоону талкуулап жатканын ашкереледи.

Азырынча жабык эшиктин артындагы талкуулар тууралуу гана сөз болуп жатат. Британ өкмөтү расмий долбоор тууралуу эч сөз кылган жок. Ага карабастан өлкөнүн бийлиги буга чейин танктарды эскирип калган техника деп атаган.

Коронавирус пандемиясынан улам экономикалык кыйынчылык жаралып, бюджеттеги каражат тартыш болуп жатканда коргонууга бөлүнгөн акча кыскартылышы мүмкүн.

Ошондуктан эксперттер менен аскер расмийлери кайсыл багытта акчаны үнөмдөсө мүмкүн экенин аныкташы керек. Демек, оор техникага коротулган каражат кыскартылышы ыктымал.

Мындай чечимди башка алдыңкы мамлекеттер дагы кабыл алган. Мисалы, АКШнын Деңиз күчтөрүнүн корпусу танктардан баш тарткан. Анын себебин, Кытай менен чыккан согушта оор техника эмес, ылдамдык маанилүү болорун жүйөө кармашкан. Бирок АКШ армиясынын башка бөлүктөрү танктардан баш тарткан эмес.

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Британиянын мурдагы коргоо министри "Челленджер 2" танкында түшкөн сүрөтү

Британиянын армиясында өлкөдө чыгарылган 227 "Челленджер 2" танкы жана жөө аскерлер колдонгон 388 "Уорриор" техникасы бар.

Times гезитинин коргоо багытындагы редактору Люси Фишер өкмөттөгү булагына таянып, өлкө танк сыяктуу эскирген технологияны тейлөө жана жаңылоого сарпталган каражатты жаңы техгологияга колдонууну карап жатканын маалымдады.

Бул кадам Британиянын НАТО уюмундагы ролун өзгөртүшү ыктымал. Уюмга мүчө мамлекеттер Британиядан авиациялык жана башка заманбап курал-жарак, техникалык жардам күтүшөт. Times гезитине ылайык, бул өзгөрүүлөрдү Лондон эмитен эле АКШ жана НАТОго мүчө болгон башка мамлекеттер менен талкуулап жатат.

Сүрөттүн булагы, Ben Birchall

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Танктар Британ армиясынын сыймыгы эле, бирок доор өзгөрүүдө

Эксперттердин пикири кандай?

Коргонуу изилдөөлөр боюнча королдук институтунун (RUSI) профессор Питер Робертс Британ өкмөтүнүн көз карашын сынга алды.

Робертс 2019-жылы Генералдык штабдын башчысы генерал сэр Николас Картер Британ армиясы өткөн замандан калган айрым техникалардан баш тартат деп жарыялаганын эске салды. Демек, танктар боюнча талкуу көптөр бери жүрүп келе жатат.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Соңку он жылдын ичинде Британия армиясынын санын 20 миңге кыскартты

Окумуштуу Британиянын саясатчылары футурология жана илимий фантастикага көңүл буруп, коргонууга маанилүү жагдайлар көз жаздымда калтырылганын белгиледи. Робертс мырза азыркы доордогу салгылашуулар жана тарыхтагы сабактар жаңы технология салттуу аскердик техникаларга кошумча гана болуп бере аларын, толугу менен алмаштыра албасын көрсөткөнүн айтат.

"Кибер куралдар, космостук куралдардын мааниси жогорулай берет, бирок алар танктардын ордун баспайт. Бул жерде жаңы технологияга басым жасайбыз деп аба күчтөрүн, жөө аскерлерди жана деңиз күчтөрүн жок кылбайбыз да",-дейт Робертс.

Учурда Британия коргонууга сарптаган мамлекеттер арасында сегизинчи орунда турат. АКШ, Кытай, Индия, Орусия, Сауд Арабия, Франция жана Германия алдыңкы жети орунда.

Ошондой эле Британиянын өзөктүк куралы бар, бирок аны тейлөө кымбатка турат. Британиянын аскер расмийлери менен саясатчылары өзөктүк куралдан баш тарткысы келбейт, бирок чыгымдарды кыскартуу үчүн башка жолдорун карап жаткандай.