“Энемди эки жолу өлтүрүп кетүүгө аракеттеништи”

  • Сваминатан Натаражан
  • BBC World Service
Shuhra talking to her injured mum Fawzia Koofi'

Сүрөттүн булагы, Shuhra Koofi

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жыйырма жаштагы Шухра

"Көзүңүздү жумбаңыз, менде сизден башка эч ким жок. Сиз жок эмне болом?"

Шухра Куфи мурдагы парламент депутатынын кызы. Алар унаа менен Кабулга келе жатканда кол салуу болуп, энесине ок тийген.

"Энем өлүп калат го деп корктум. Бирок өзүмдү жоготпой, ага жардам берүүгө шаштым",-дейт Шухра.

Эки кол салуу

Фавзия Куфи Ооганстандагы эскичил көз караштагы жарандарды кескин сындап келет. Талиптердин башчыларына бетме-бет жолугуп, алардын аракеттери катачылык экенин дагы айтканы менен белгилүү.

Сүрөттүн булагы, Shuhra Koofi

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Фавзия Куфи ооган аялдарына эргүү берди

Бирок анын саясий көз карашы өмүрүнө коркунуч жаратты. 2010-жылы Фавзия Куфи бара жаткан унаа "Талибан" кыймылы тарабынан чабуулга алынган жана ушул жылдын август айында белгисиз куралчан мурдагы депутатка ок чыгарган.

Эки кол салуу учурунда Шухра Куфи энесинин жанында эле. Коркунучка карабастан жыйырма жаштагы Шухра энесин саясаттан кетүүсүн каалабайт. Тескерисинче, апасынын көз карашы бүтүндөй Ооганстанга жайылышы керек деген пикирде.

Ажал менен ойногондо

14-августта Фавзия кызы Шухра менен Парван аймагынан Кабулга кайтып келе жатышкан.

Сүрөттүн булагы, Shuhra Koofi

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Фавзия Куфинин жолдошу көз жумуп, кыздарын жалгыз тарбиялады

Эки айым оң тараптагы индустардын байыркы храмын карап, суктанып жатышкан эле.

"Энем храм абдан кооз экен деп айтып жаткан".

Ошондо эки айым бара жатканын унаанын артында эки шектүү унаа калбай келе жатканын байкашкан.

"Капысынан артта келе жаткан кара унаа алдыбызга чыкты. Биздин айдоочу сөгүнүп эле калды. Анан артта келе жаткан унаадан ок атыла баштады".

Шухра энесин калкалап калууга аракеттенген экен. Эки унаа оң жана сол капталынан чыгып, ок чыгарууга даярданган. Бирок депутаттын айдоочусу болушунча ылдам жүрүп, качып кетүүгө жетишкен.

"Энем мени карап, "мага ок тийди окшойт" деп айтты. Анын көзүндөгү коркуу сезимин эч качан унутпайм",-дейт Шухра.

Арттан атылган ок отургучту тешип өтүп, Фавзиянын оң колуна тийиптир. Шухра башындагы жоолугун чечип, канды токтотууга шашкан.

"Күүгүм учур эле, ок каякка тийгенин так көргөн жокмун. Колдорум кан болуп, эчтеке көрүнгөн эмес".

Сүрөттүн булагы, Shuhra Koofi

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Фавзия Куфи ооруканада жатканда көптөгөн саясатчылар келип, анын сакайып кетишин тилешкен

Шухра көл болгон канды көрүп, энеси өлүп калабы деп корккон. Бирок жоолугу менен канды токтотуу аракетин уланта берген.

"Көзүңүздү жумбаңыз, менде сизден башка эч ким жок. Сиз жок эмне болом?",-деп жалынган экен Шухра.

Айдоочу депутатты кырк мүнөттүн ичинде ооруканага жеткирген. Дарыгерлер окту чыгарып, Фавзия бир апта бейтапканада жатты. Учурда ал дарылануусун үйүндө улантып жатат.

Эскичил көз караштын сынчысы

Фавзия сыяктуу эле Шухра жана анын эжеси зомбулукту көрүп чоңоюшту. Жакындарын жоготкон учурлар дагы болгон.

Сүрөттүн булагы, Shuhra Koofi

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Фавзияга биринчи кол салуу болгондо Шухра он жашта болчу. Анда дагы энесинин жанында жүргөн

Шухранын таятасы дагы парламент депутаты болчу. Аны жихадчылар атып кетишкен. Ал эми атасын талиптер камакка алып, туберкулездон көз жумган.

"Дайыма үй-бүлө мүчөлөрүмдү өлтүрүп кетиши мүмкүн деген ой менен чоңойдум. Бала чагымдан бери ушул сезим бар. Бирок кыялдарымдан баш тарта албайм",-дейт Шухра.

Фавзия Куфи болсо коркунучтарга карабастан саясатка аралашып, ооган аялдарынын укуктарын коргоп кирген эле. Өткөн жылы талиптер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып, "Талибан" кыймылы тарабынан дагы аялдардын катышуусун талап кылган. Талиптер бул сунушка күлүп, олутту жыйында "аялдарга орун жок" экенин белгилешкен.

Фавзия Куфи тынчтык сүйлөшүүлөрүнө дагы деле катышып келет. "Талибан" кыймылы кол салууга топтун тиешеси жок экенин билдирди. Фавзия тынчтыкка каршы болгондор ушундай чагымчыл аракетке барып жатканын айтууда.

"Ээрге учкашкандайн кийин..."

Учурда Шухра энесин карап жатат. Улуу эжеси Шахзад АКШда билим алууда.

Сүрөттүн булагы, Shuhra Koofi

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Шухра дагы энесинин жолун жолдоп, саясатка аралашкысы келет

Ооганстанда аял болуу абдан татаал, теңсиздик ар бир бурчта байкалат. Ошондуктан бул өлкөдө саясатчы болуу оңой эмес.

"Мен дагы саясатчы болгум келет. Энемдин айткандарын угуп, анын жолун жолдойм деген ой бар. Ооганстандагы теңсиздик, адилетсиздикти жок кылгым келет",-дейт Шухра.

Бирок Ооганстанда саясатка аралашкан аялдар дээрлик жок. Коомдо аялдардын үнүнө көңүл бурулбайт.

2018-жылкы парламенттик шайлоого Фавзия Куфи катыша албай калды. Аны кылмыштуу топторго байланышы бар деп айыпташып, шайлоодон четтетип коюшкан. Куфи дооматтарды четке кагып келет.

Сүрөттүн булагы, Shuhra Koofi

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ок Фавзия Куфинин оң колуна тийген

Парламент өкүлү болбосо дагы, Фавзия Куфиге кол салуулар токтогон жок. Шухра болсо мындай чабуулдар токтобойт деген пикирде. Себеби энесинин көз карашы эскичил саясатчыларга коркунуч жаратат.

"Энем ар бир кыздын турмушун өзгөрттү деп ойлойм. Ооган аялдары мүмкүн эмес дегенди энем жасап, жол көрсөттү. Бирок бул ишти улантуу абдан маанилүү. Кол салуулар аялдардын аракетин токтотуп салышына жол бербей, ээрге учкашкандан кийин ишти аягына чыгаруу керек".