Интернеттеги чоочун өңдөр: Microsoft дипфейктер менен күрөшкөндү үйрөтөт

кто здесь кто?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Microsoft компаниясы дипфейктерди - интернеттеги бир кишинин жүзүн башкага алмаштырып койгон сүрөт жана видеону айырмалап тааныган программа иштеп чыкты.

Программа сүрөттү анализдеп, оңдолгонун же түп нускада экенин аныктап берет. Компания бул аркылуу жалган маалыматтардын тарашын алдын алууга мүмкүн деп үмүттөнүүдө.

Бирок айрым эксперттер технологиянын бул тармагы өтө тездик менен өнүгүп жаткандыктан, мындай программа тез эле эскирип калышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

Дипфейктер 2018-жылдын башынан тарта тарай баштады. Видеодогу же сүрөттөгү кишиге башка эле жүздү алып келип, жасап койсо болот. Айрым тиркемелерде жүздү алмаштырып койгонго бир эле селфи сүрөт жетиштүү болууда.

Ушундан соң көптөр мындай технология саясий же башка максаттарга колдонулуп кетиши мүмкүн деп кооптоно баштады.

Ушул жылы Facebook компаниясы колдонуучуларга бурмаланган маалыматты берет деп, дипфейктерге тыюу саларын билдирген. Анын артынан эле Twitter менен TikTok дагы ушундай кадамга бара турганын жарыялады.

Сүрөттүн булагы, Microsoft

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Video Authenticator дипфейкти аныктоо үчүн пайыздык дал келүүнү эсептеп чыга алат

Microsoft өзүнүн Video Authenticator программасын ишке салып, өзгөртүлгөн видео же сүрөттү аныктайт. Компьютердик программа сүрөт алмаштырылган болушу мүмкүн экенин айырмалап берет. Microsoft аталган технологияны интернетте белгилүү болгон миңдей фейк видеого сынап көрдү. Андан кийин аны Facebook өткөргөн кеңири изилдөөнүн тыянагы менен салыштырды.

Дипфейктер боюнча китептин автору Нина Шик азырынча видеодипфейктер салыштырмалуу сейрек учурайт дейт. Алардын көбүн колго жасашкандыктан сапаты начар болот. Шик дагы Microsoft демилгесин колдоду.

"Азырынча интернетте өздөрүнүн уруксаты жок тарап кеткен аялдардын порнографиялык видеолору бар. Бирок алдыдагы үч же беш жыл аралыгында фейк видео жана сүрөттөрдүн интернетте тарай баштаганына күбө болушубуз толук мүмкүн. Ошондуктан ага каршы күрөшүү ыкмасын азыр иштеп чыккан туура",-деди ал.

Бир эле программа менен буга каршы турууга мүмкүн эмес экенин көпчүлүк адистер белгилеп жатат. Microsoft дагы көйгөй реалдуу экенин билет. Компания иштеп чыккан программа АКШда ноябрда өтө турган шайлоонун алдында ишке кириши мүмкүн.

Microsoft өзүнүн программасын ачык жарыялаган жок. Аны ортомчу компаниялар аркылуу тааныштырды. Муну компьютердик кодун башкалар бузуп кирбесин деген этияттыктан улам деп түшүндүрүүдө. Кийин программаны баары колдонууга мүмкүн болуп, видео же сүрөттүн жасалма же түп нускасында экенин аныктай алат.