"Биринчи болуп ок чыгар": Америкада полиция эмнеге куралды көп колдонот?

Американская полиция

Сүрөттүн булагы, EPA

Расмий статистикага ылайык, АКШда жыл сайын миңден ашуун киши полициянын колунан мертинет. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч жана ондогон жылдардан бери төмөндөгөн жок. Эмнеге?

Полициянын колунан каза тапкан Жорж Флойд, Трейвон Мартин, Бреонна Тейлор жана башка афроамерикалыктардын ысымы АКШдагы каршылык жүрүштөрүнүн символуна айланды.

Каршылык жүрүштөрү айрым шаарларда талап-тоноо жана башаламандыктар менен коштолду. 2-июнда Калифорнияда дүкөндү тоноп жаткандарга полиция ок чыгарып, 22 жаштагы Шон Монтерросту атып өлтүргөн. Расмий маалыматта анын чөнтөгүндөгү балканы полиция тапанча экен деп ойлоп алганы айтылды.

Бул жылы полициянын аракети 765 америкалыктын өлүмүнө алып келген. АКШ полициянын зомбулугу боюнча акыркы жылдары дүйнөлүк рейтингдин сап башынан түшпөй жатат. Маселен, 2018-жылы полициянын колунан 996 киши мертинген. 2019-жылы болсо 1004 киши.

Улуу Британия менен салыштырып көрсөк, 2018-19-жылдар аралыгында полиция 13 ирет гана курал колдонуп, үч киши каза тапкан.

"Кошмо Штаттарда чынында эле полиция көп ок чыгарат жана алардын курмандыгы көп учурда жаш афроамерикалыктар болуп калууда. Мындай окуялардын көпчүлүгү полиция расист болгондон эмес, аларды кандай окутса, ошондой аракеттенгенден улам болот",-дейт Түштүк Каролина университетинин профессору, мурдагы полиция офицери Сэт Стогтон.

АКШда полицияны кантип окутат?

Кошмо Штаттарда болчок полиция кызматкерлери бир гана кесиптик академиялардан билим албастан, ар кайсыл штаттагы коомдук колледжде да окушат.

Бирок колледж менен полиция академиясынын окутуу программасы бири-биринен айырмаланып турат. Американын укук коргоо органдарында иштеген мурдагы жана азыркы полиция кызматкерлери менен сүйлөшкөнүбүздө, окутуунун негизги принциби полициянын жеке коопсуздугу деп айтып беришти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Өткөн кылымдын 60-жылдары АКШда бийлик баңгизат кылмышына каршы согуш жарыялап, америкалык полиция академияларында жана окуу жайларда аскердик үлгүдө окутуу кеңири жайылат. Мындай практика 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуядан кийин кайра кеңейтилди. Ар кайсыл шаарлардагы полиция бөлүмдөрү аскер техникалары жана курал-жарак менен кеңири жабдыла баштады. Полиция мурда жалаң гана аскерлер колдонгон техникаларды алды: зооттолгон автоунаа, автоматтык куралдар, реалдуу согуш маалында колдонулган коргоо каражаттары.

АКШнын юридикалык статистика бюросунун маалыматына караганда, полиция академияларынын 48 пайызында "аскердик моделде" окутууга артыкчылык беришет. 18 пайыз окуу жайларда академиялык окутуу программасына басым жасалган. Калгандары экөөнү аралаш колдонот.

"Биринчи болуп ок чыгар"

Сабак учурунда болочок полиция кызматкерлерине көчөдөгү кез келген кишинин баары коркунуч жаратышы мүмкүн деп айтышат.

"Курсанттарга күн сайын полициянын автоунааларындагы камераларга тартылган видеолорду көрсөтүшөт. Анда этиятсыздыктан куралын тартып жиберген, кол салгандар өлтүрүп кеткен кызматкерлер тартылган",-деп айтып Сэт Стогтон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Расизмге каршы чыккандарга тилектештик билдирген полиция кызматкерлери

Практикалык окуулар дагы ушундай эле сценарийде кетет. "Кичине эле жайбаракаттыктын арты жаман бүтүп калышы мүмкүн. Ошондуктан биринчи болуп ок чыгарган артык" деп окутушат деди Сэт Стогтон.

Mapping Police Violence долбоорунун маалыматы боюнча АКШда полиция офицерлеринин 99 пайызы жаранды атып салганы үчүн же денесине оор жаракат кылганы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт.

АКШда полициянын жумушу өтө кооптуубу?

Өткөн кылымдын 70-жылдары президент Ричард Никсон полицияны "кылмыштуулук менен күрөшүүдө фронттун алдыңкы тилкесиндеги чыныгы жоокерлер" деп атаган. Кийинки президенттер деле "өмүрүн биз үчүн берген каармандар" деп аташканы бар.

ФБР чогулткан маалыматтар боюнча кылмышкерлер менен кагылышуудан жыл сайын 50 полиция офицери каза табат. Дээрлик 60 миңдей полиция кол салууга кабылат. Бирок профессор Сэт Стогтондун пикиринде бул статистика реалдуу картинаны чагылдырбашы мүмкүн. Анткени 10-20 жылга салыштырмалуу АКШда полиция кызматы бир топ эле коопсуз болуп калды. (AbA)