Навальныйдын ууландырылышы: медициналык эксперттердин пикири

Хабаровск аймагындагы митинг

Сүрөттүн булагы, Reuters

Германиянын бийлиги "Шарите" ооруканасында комада жаткан орусиялык оппозиционер Алексей Навальный "Новичок" тобуна кирген, нерв системасын шал кыла турган химиялык зат менен ууландырылганын билдирди.

Өкмөттүк эксперттер Навальныйдын анализдерин изилдеп чыккандан кийин ушундай тыянакка келген. Ал жандандыруу бөлүмүндө, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат.

"Анын айыгышы узак мөөнөткө создугушу мүмкүн. Мындай уулануудан кийин болжолдуу кесепеттери кандай болорун алдын ала айтууга азыр эрте",-деп айтылат клиниканын сайтындагы маалыматта.

"Новичок" боюнча биринчи жолу айтылып жаткан жок. Аны менен 2018-жылы Солсбериде Сергей Скрипаль менен кызы Юлия ууланган. Ошондо британ өкмөтү бул үчүн орусиялык бийликти айыптап чыкканы бар. Бирок Москва айыптоолорду кескин четке кагып келүүдө.

Бул жолу дагы Берлин Навальныйдын ууландырылышынын артында Кремль турушу мүмкүн деп эсептесе, Орусияны санкциялар күтөт.

"Новичок" деген эмне болгон уулу зат?

  • "Новичок" деп аталган затты СССР 1970-80-жылдары жашыруун аскердик жайларда чыгарган. Аны "жаңы муундагы" уулуу заттардын катарына кошсо болот.
  • "Новичок" камтыган A-230 химиялык заты Литвиненкону өлтүргөн VX затынан сегиз эсе күчтүү. VX затын ичип алган адам бир нече мүнөттүн ичинде каза табат.
  • "Новичок" затынын суюк жана катуу түрлөрү бар. Ошондой эле "Новичоктогу" химиялык заттар өз алдынча кармалат, алар аралашканда гана өтө күчтүү уулуу затка айланат.
  • Айрым маалыматтарга ылайык, "Новичок" затын Орусиянын армиясы химиялык курал катары каттаган.
  • Орусиядан башка тарапка өтүп кеткен мурдагы чалгынчылар "Новичок" тууралуу биринчилерден болуп айтып беришкен. Ага чейин уулу зат тууралуу дүйнөлүк коомчулуктун кабары жок болчу.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Ууланган кишинин жүрөгү, ичеги-карыны, табарсыгы жакшы иштебей калат. Ошондой эле уулуу зат мээге дагы түз таасир этет.

"Бул факторлордун комбинациясы биринчи кезекте мээнин иштешин бузуп, дем алууну кыйындатат. Ошондон киши эстен танат. Эгерде чукул арада жардам көрсөтпөсө, сактап калуу кыйын болот",-дейт токсикология боюнча адис, профессор Алистер Хэй.

Эксперттер Навальныйдын дарылануусу канчага созулаары тууралуу айтуудан карманууда. Бул бир нече факторлордон көз каранды. Анын ичинде уунун дозасы, алгачкы жардамдын көрсөтүлүшү, ууланган маалдагы саясатчынын саламаттыгы чоң мааниге ээ.

Ошентсе дагы Навальныйдын айыгып кетишине мүмкүнчүлүктөр Скрипалга салыштырмалуу көп болушу керек. Анткени Скрипаль ууланган 2018-жылы медиктер нөлдөн баштап изилдеп чыгышкан. Азыр болсо ууландырган зат тууралуу маалыматтар бар деп үмүттөнөт көпчүлүк эскперттер.