Күлү көккө сапырылган качкындар лагери: миңдеген кишилер башкалкасыз калды

өрт тутанган лагерь

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Грециянын Лесбос аралындагы эң ири качкындар лагери экинчи ирет өрттөндү. Бактыга жараша курмандыктар жок. Лагерь үч миң кишиге ылайыкталган экен. Бирок анда 13 миң мигрант башкалкалап келген. Көпчүлүгү оогандык качкындар.

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис лагердеги биринчи өрттөн кийин качкындардын өзүн айыптаган. Анын айтымында 35 мигранттан коронавирус аныкталганда, алар агрессиясын көрсөтүп карантинден качып кетүүгө аракет кылган.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Өрттөн кийин жабыла качкан мигранттарды полиция токтотуп, жакынкы айылдарга киргизген жок. Миңдеген кишилер башкалкасыз талаада калды. БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын билдирүүсүндө жергиликтүүлөр менен качкындар ортосундагы чыңалуу тууралуу кабардар экени айтылат.

"Биз бардык тарапты сабырдуу болууга чакырабыз жана лагердегилер өз алдынча орун которуп кетпей, чечимди күтүшүн суранабыз",-деп айтылат билдирүүдө.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас бул окуяны "гуманитардык катастрофа" атады. "Твиттерге" жазган билдирүүсүндө Евробиримдиктеги өлкөлөр качкындарды кабыл алышы керектиги айтылат.

"Өрт түн ичинде чыгып, бир учурда лагердин үч жеринен тутанган",-деди Өрт өчүрүү кызматынын өкүлү Константинос Теофилопулос. Анын айтымында өрттү өчүрүүгө мигранттар тоскоолдук кылышты. Таңга барып гана өрттү өчүрүүгө мүмкүн болгон.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Лесбостун вице-губернатору Арис Хацикомнинос жергиликтүү радиого берген маегинде лагерь толугу менен күйүп кеткенин айтты. Премьер-министр Кириакос Мицотакис эртеси күнү эле өрт чыккан лагерге келди. Еврокомиссия Грецияга жардам берүүгө даяр экенин айтууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Өрттүн себеби азыр белгисиз. Айрым мигранттар Би-Би-Синин Перс кызматына "гректердин оңчулдары" менен мигранттар ортосунда мушташ болгонун айтып, күйүүчү май куюлган идишке окшош буюмдун сүрөттөрүн көрсөтүшкөн. Аралдагы токойлор өрттөнүп жаткандыктан, шамал аркылуу лагерге жетиши мүмкүн деген да божомол бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун Лесбостогу өкүлү Марко Сандроне Би-Би-Си менен интервьюсунда лагерди "жарыла турган бомба" сыяктуу эле деп мүнөздөп, акыры ошондой болду деп айтты.

Качкындар үчүнчү өлкөдө жашоого укук алуу үчүн лагерде башкалакалап келишет. Аларга качкын макамын берүү узак жараян.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Мындай лагерлердеги шарттарды укук коргоочулар катуу сынга алып келишет. Апрелде Human Rights Watch уюму көп сандагы качкындар башкалккалап жаткан лагерлерде коронавирустун жайылуу коркунучу жогору экенин эскерткен.