"Көчөдө эле эгиз төрөдү": Орусиянын чек арасынан өтө албай жаткан мигранттар

Ростовдогу өзбек мигранттар

Өзбекстандык үч миңдей мигрант Орусиянын Ростов-на-Дону аймагында эки апта чатырда башкалакалады.

Санитардык абал өтө чатак, душ жок, тамак жасаганга шарт да жок. Алар үйүнө кетүү үчүн темир жол байланышынын жанданышын күтүүдө. Шейшембиде Ташкентке миңдей мигрант түшкөн поезд жөнөп кетти. Калгандары кийинки каттамды күтүүдө. Орус бийлиги калган мигранттарга убактылуу башкалка берерин убадалаган.

Бул аймактагы чатыр тигилген лагерлер 20-августта пайда болду. Мигранттар Ташкентке темир жол байланышы жанданаарын угуп келишкен. Коронавируска байланыштуу Өзбекстан 23-мартта эле чек арасын жаап, Орусиядан чартердик каттамдар менен бир нече жолу жарандарын ташып кетти. Расмий түрдө чек ара ачыла элек. Өзбекстандын элчилигинин айтымында, Ростов-на-Донудан 10-23 август аралыгында поезд каттамдары уюштурулду.

"23-августтан кийин темир жол бекетинде эки жүздөй киши калып калды",- деди астрахандык фермер Бобурбек Атажанов. Анын айтымында, Ростовго Түштүк федералдык округунда жана Түндүк Кавказда иштеп жүргөн эмгек мигранттары келишкен. Ошентип бул аймактарда чатыр тигилген лагерлер пайда болду.

Реалдуу жардам үч күн мурун гана бериле баштаган.

"Буга чейин бекеттин администрациясы, полиция кишилер көчөдө эле күн көрүп жатканын көрүп турушту. Бирок эч кандай жардам болгон эмес. Бирок жакшы кишилер бардык жерде бар эмеспи. Жергиликтүүлөр, ушул аймакта иштеген жердештерибиз тамак-аштарын алып келип жатты",-дейт өзбек мигранты.

"Биринчи май" станциясында дарактардын алдында чатырлар тигилген. Көптөр бала-чакасы менен келген. Асфальттын үстүнө эле картонго олтуруп тамактанып жаткандарды көрүүгө болот. Эрте менен консулдуктун кызматкерлери келип, тизмелерди тактайт. Билет сатып алгандар гана поездге олтуруп үйүнө жөнөйт.

"Чатырларды өздөрү эле сатып алып келишкен. Бул жерде аялдар менен балдар көп. Абалы оорлошкондорго "Тез жардам" чакырабыз. Жакында эле кош бойлуу келин көчөгө тилгилген чакан чатырда эле төрөп салды. Каттоосу жок болгон үчүн ооруканага алып барышкан эмес",-деп айтып берди Бобурбек Атажанов.

ЖМКларга жайнап материалдар чыга баштаган соң жергиликтүү бийлик жетечилери келишкен. Ошондон кийин гана мигранттарга көңүл бурулду. Өрт өчүрүү жана "Тез жардам" кызматтары коюлду. Жакынкы күндөрү мигранттарга кезектеги каттам келгенче, шарты бар жерге көчүрүшөт.

Адатта темир жол билети Ташкентке чейин 12800 рубль болуп келген. Бирок кызыл кулактардын колуна өтүп кетип, билет баасы 30 миңге чыгып кеткен учурлар бар.

Ростов-на-Донудагы Өзбекстандын башкы консулу Рустам Курганбаев билеттер кызыл кулактардын колуна тушүп калган учурлар болуп жатканын моюнуна алды.

"Ортомчуларды кармап, камакка алып жатабыз. Экөөнү кармадык, алар 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн",-деп ишендирди консул.

Ташкентке кийинки поезд каттамы качан болорун Курганбаев билбей турганын айтты. (AbA)