Жаратылыш SOS белгисин берүүдө: адамдын аракети табиятты бүлүндүрдү

Working elephant in a forest clearing, Thailand

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Айлана-чөйрө талкаланып, токойлор кыйылганы жапайы жаныбарларга коркунуч жаратты

Жапайы жаратылыштын дүйнөлүк фонду (WWF) элүү жылдын ичинде жапайы жаныбарлардын үчтөн экиси кырылганын билдирди.

Уюмдун соңку баяндамасында "катастрофалык абал" дагы деле уланып жатканы айтылат. Ошондой эле адам баласынын аракетинен улам айлана-чөйрө талкаланып, токойлор мурда болбогон деңгээлде кыйылып жатканы айтылган.

"Биз өзүбүздүн үйүбүз болгон планетаны бүлгүнгө учураттык. Бул кадамыбыз менен ден-соолугубузга жана коопсуздугубузга коркунуч жараттык. Учурда жаратылыш жанталашып жардам сураган SOS белгисин берип жатат. Убакыт өтө тартыш",-деди Жапайы жаратылыштын дүйнөлүк фондунун башчысы Танья Стил.

Баяндамадагы статистика эмнени билдирет?

Изилдөөдө дүйнөнүн булуң-бурчундагы жапайы жаныбарларга байкоо жүргүзүлгөн. Окумуштуулар 1970-жылдан бери жаныбарлар, канаттуулар, амфибиялар, сойлоп жүрүүчүлөр жана деңиз жаныбарлары 68 пайызга кыскарганын аныктады.

Мындай кейиштүү абалга адам баласынын аракеттери себеп болгон. Лондондун зоология коомунун башчысы Андрю Терринин айтымында, адам баласы дүйнөнүн жаратылышын талкалап жатканын көрсөткөн далилдер арбын.

"Эгерде абал өзгөрбөсө, жапайы жаныбарлардын саны төмөндөй берет. Жаныбарлар тукум-курут коркунучуна кептелсе экосистема дагы бузулат. Мунун кесепети адам баласына оор болмокчу",-дейт ал.

Баяндамада Covid-19 пандемиясы адам менен жаратылыш канчалык тыгыз байланышта экенин так көрсөткөнү дагы айтылат. Коронавирус пандемиясынын себептеринин бири катары айлана-чөйрөнүн булганганы жана жапайы жаныбарлардын соодасы деп айтылууда.

Eastern lowland gorilla

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Конгодогу гориллалар мыйзамсыз аңчылыктан улам коркунучка кабылды

Жапайы жаратылыштын саны кыскарганын кантип аныкташты?

Планетадагы жапайы жаратылыштын санын аныктоо абдан татаал. Ошондуктан окумуштуулар бир нече усулду колдонуп, алардын көрсөткүчтөрүн бириктирип карайт.

Бул аркылуу жаратылыштагы биологиялык көп түрдүүлүктүн абалын аныктаса болот. WWF уюму тропикалык аймактардагы абал абдан курч экенин далилдеди. Латын Америка жана Кариб аймагында жапайы жаныбарлардын саны 94 пайызга кыскарган. Бул аймактагы канаттуулар, сойлоочулар жана амфибиялар ар түрдүү коркунучка кабылат. Мыйзамсыз аңчылык коркунучтардын эң олуттуусу.

Ошол эле учурда окумуштуулар изилдөөдөгү маалыматты алып, абалды жакшыртуу жолдорун дагы карашууда. Naturesuggests аттуу журналга жарыяланган макалада, окумуштуулар адам баласы азык-түлүктү өндүрүү жана аны керектөө ыкмаларын өзгөртүү керек экени айтылат.

The African grey parrot is endangered due to habitat loss and wildlife trade

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Африканын боз тотукушу аңчылык жана айлана-чөйрө талкалангандыктан тукум-курут коркунучуна кабылды

Башка изилдөөлөрдө жаратылыштын абалы тууралуу эмне айтылат?

Жаратылышты коргоо биримдиги (IUCN) жаныбарлардын 100 миңден ашуун түрүн изилдеп, 32 миңден ашуун жапайы жаныбар тукум-курут коркунучуна кабылганын аныктаган.

Forest elephants

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Пилдер жашаган айлана-чөйрө талкаланып, алар коркунучта

2019-жылы бир нече мамлекеттин окумуштуулары биргеликте жүргүзгөн изилдөө 500 миңге чукул жапайы жаныбар менен өсүмдүк жана 500 миң курт-кумурскалар түрү алдыдагы он жылдын ичинде тукум-курут болот деген тыянак чыгарган.

WWF алдыдагы айларда жаратылыштын абалын көрсөткөн бир нече макала менен изилдөөлөрдү жарыялап, эмдиги жылы ири саммит өткөрөт. Бириккен Улуттар Уюму эмдиги шейшемби күнү жаратылышка байланыштуу өзүнүн изилдөөсүн жарыялайт.