Коронавируска каршы вакцинаны таратуу үчүн канча учак керек?

Shipping a coronavirus vaccine around the world will be the "largest transport challenge ever"

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Авиа тармактын адистери коронавируска каршы вакцинаны дүйнө калкына жеткирүү тарыхтагы эң ири логистикалык долбоор болорун белгилеп, аны аткарууда бир топ кыйынчылыктар болорун эскертти.

Эл аралык аба транспорт ассоциациясы (IATA) вакцинанын дүйнөнүн булуң-бурчуна жеткирүү үчүн 8 миң "Боинг 747" керек болорун билдирди.

Учурда Covid-19 вирусуна каршы вакцина даяр боло элек. Бирок IATA уюму азыртан эле авиакомпанияларды, аба майдандарды жана медицина кызматкерлерин жапырт эмдөөгө даярдык чараларды көрүүгө үндөп жатат.

Эл аралык аба транспорт ассоциациясы Африка сыяктуу айрым аймактарга вакцинаны тез жеткирүү бир топ кыйын болорун белгиледи. Себеби бул өлкөлөрдө карго жүгүн кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жакшы өнүгө элек.

Дүйнөдөгү өлкөлөр вакцинаны кабыл алып жатканда "аскердип тартип" орноп, жүктү тез арада учактан түшүрүп, аны ыкчам жолго жөнөтүү зарыл болот, дейт IATA уюму.

Андан соң вакцинанын муздак жайга сактоо маселеси дагы чечилиши керек.

Эл аралык вакцина биримдиги жакыр мамлекеттерде муздаткычтарды уюштуруу менен алек болуп жатат.

"Дүйнө калкын эмдөөдөн өткөрүү жараянында көп тоскоолдуктар чечилиши керек. Вакцинаны лабораториядан дүйнөдөгү мамлекеттерге жеткирүү, андан ары аларды алыскы аймактарга жеткирүү, андан соң ар бир жаранга жеткирүү сыяктуу маселелер бар. Аларга алдын ала даяр болуп, иш үзгүлтүксүз жүрүшү керек",-дейт логистика боюнча эксперт профессор Тоби Питерс.

Сүрөттүн булагы, AirAsia

Адистер суусундук чыгарган жеке компаниялардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга дагы чакырууда. Дүйнө калкын эмдөөдөн өткөрүү үчүн жеке тармак менен өкмөт бирге иш алып баруусу өтө маанилүү.

Бүгүнкү күнү дүйнөдө коронавируска каршы 140 чукул вакцина иштелип жатат. Алардын жыйырмага чукулу клиникалык сыноо баскычына жетти.

Ким биринчи эмдөөдөн өтөт?

Британиянын Wellcome Trust уюмунун вакцина бөлүмүнүн башчысы Чарли Уеллер ар бир мамлекет өзүнө олуттуу суроо жолдошу керек экенин айтууда.

"Вакцина эң биринчи кимге керек? Кайсыл топтор коркунучта? Ушул суроолорго жооп табылышы зарыл. Себеби башында вакцинага болгон талап, өндүрүүдөн кыйла жогору болот. Ошондуктан оор жана туура чечимдер кабыл алынышы керек",-дейт ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Эмдөө жараянын уюштуруу дагы татаал болмокчу. Британия шайлоо участколорун убактылуу эмдөө борборлоруна айландырууну көздөп турат.

Андан тышкары саламаттыкты сактоо системасы дагы жапырт эмдөөгө даяр болушу зарыл. Медицина кызматкерлерине туура техникалык даярдык берүү маанилүү.

Окумуштуулар жакын арада вакцина даяр болоруна ишенет. Эми алар аны дүйнө калкына ыкчам жеткирүү жолдорун караштырууда.