ДССУ коронавируска кабылгандардын саны кескин өсүп жатканын эскертти

A temperature check is carried out on a student waiting to enter an exam centre on September 13, 2020 in Amritsar, India.

Сүрөттүн булагы, Hindustan Times

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Индияда вирус кеңири жайылып, өлкө Covid-19 вирусуна кабылгандар саны боюнча экинчи орунга чыкты

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бир күндүн ичинде 307 930 киши вируска кабылганын маалымдады. Ошондой эле уюм бир күндүн ичинде беш миңден ашуун киши вирустан каза тапканын айтып, жалпысы болуп 917 417 адам вирустан көз жумганын эскертти.

Учурда Индия, АКШ жана Бразилияда вируска кабылган жарандардын саны тез өсүп жатат. Дүйнөдө 28 миллиондон ашуун киши вирусту жуктурду, алардын жарымы Америка континентинде.

АКШ менен Индияда бир күндүн ичинде миңден ашуун киши коронавирустан көз жумду. Өзгөчө Индияда абал абдан курч, июль айынан тарта вируска кабылгандардын саны 84 пайызга өстү. Сентябрь айынан бери коронавирустан каза тапкандар күн сайын миңден ашып жатат.

АКШда болсо алты миллиондон ашуун жаран вирусту жуктурган. Бирок июль айынан бери абал турукташа баштады. Өлкөдө 194 миңден ашуун киши Covid-19 вирусунан каза тапты.

Дүйнөнүн башка аймактарында абал кандай?

Европа регионунда дагы вирус кайрадан жайылып жатат. Абал курч аймактарда карантин чаралары күчөтүлүүдө. Ошондой эле көчөлөрдө беткап кийип жүрүү сыяктуу вирустан сактануу эрежелери милдеттендирилүүдө.

Видеонун түшүндүрмөсү,

Коронавирустун экинчи толкуну: келечекте кандай болот?

Перу, Израил, Түштүк Корея жана Австралияда дагы вирусту жуктургандардын саны өсүп жатат. Жекшемби күнү Австралиянын полициясы жетимиштен ашуун кишини камакка алды. Алар карантин чектөөлөрүнө баш ийбей койгон.

Израил болсо бүтүндөй өлкөгө карантин чектөөлөрүн кайрадан киргизди. Чектөөлөр жума күнү, жөөттөрдүн Жаңы жыл майрамында күчүнө кирип, үч апта сакталат. Өлкөдө 153 миң киши вируска кабылып, 1 108 адам көз жумду.

Кыргызстанда 14-сентябрга карата 47 жаңы учур катталды. Жалпысы болуп 44 928 киши вирусту жуктуруп, 1063 адам көз жумду.

Сүрөттүн булагы, Республикалык штаб

Өлкөдө жай мезгилинде абал курчуп, дары-дармек менен медицина кызматкерлери тартыш болду, ооруканалар вирусту жуктурган бейтаптарга жык толду. Ыктыярчылар атайын стационар борборлорун уюштуруп, абал жайгарылган. Ага карабастан жарандар коронавирустан коргонуу чараларын унутта калтыргандай. Беткап кийүү, аралыкты сактоо сыяктуу эрежелер көз жаздымда калды. Дүкөн, соода борборлорунан тышкары, өкмөт мекемелери деле беткап кийбеген кишилерди имаратка эркин киргизүүдө. Коомдук транспортто эрежелер эч сакталган жок. Маршруттук таксилер мурдагыдай эле кишилерди жык топтоп жатат, беткап кийген жүргүнчүлөр дээрлик жок.

Өкмөт ушул айдын соңунда эл арасында вирус массалык жугушу мүмкүн деген божомолун айткан.

"Адистердин божомолу боюнча, коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу мүмкүн. Калк эгер ден-соолугуна көңүл кош караса, сентябрь айынын аягында эл массалык түрдө оорушу ыктымал. Бул коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, кафе жана ресторандарда элдин көп баруусуна байланыштуу. Жарандар куран окутуп, ар кандай салтанаттарды өткөрүп жатышат. Кафе-ресторандардын кожоюндары 3000 сом айып пул төлөп коюп, келгендерди бейкапар эле кабыл алууда. Ресторан бизнеси жапа чегип жатканы түшүнүктүү, бирок биз Covid-19 менен калктын кайрадан массалык түрдө оорушуна жол бербешибиз керек", - деген өкмөт башчы Кубатбек Боронов.