Кытайдын “карыз капканы” Малдив аралдарынын келечегин бүдөмүккө кептеди

Airport bridge in Male, built with Chinese investment

Сүрөттүн булагы, Anbarasan Ethirajan/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Малдив Кытайдан алган карыз менен аралдарды бириктирген көпүрөнү курган

Амина Вахида көп жылдар бою Малдивдин баш калаасы Маленин тар көчөлөрүндө такси кызматында иштеди. Анын бир кыялы бар эле - аба майданга учуп келген туристтерди ташып, кирешесин көбөйтүү.

Мале шаарына туристтерди алып келген аэропорт башка аралда жайгашкан. Чет өлкөлүктөр алгач кемеге отуруп, Мале шаарына жетип келген.

2018-жылы Вахида айымдын турмушу толугу менен өзгөрдү. Эки баланы жалгыз баккан эне Кытайдын инвестициясынан кийин кирешесин эки эсеге көбөйтө алды. Малдив өкмөтү Бээжиндин 200 миллион доллар инвестициясы менен 2.1 чакырым узун болгон көпүрө салды. Бул көпүрө Мале шаарын аба майдан жайгашкан Хулумале аралы менен бириктирди.

Сүрөттүн булагы, Anbarasan Ethirajan/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Амина Вахида туристтерди ташып жан багат

Кытайдан алган карыз менен Малдивдин бийлиги аралдарды бириктирген биринчи көпүрө курду жана башка инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырды. Бул окуядан кийин аэропорт жайгашкан Хулумале аралы толугу менен өзгөрдү, инвесторлор аралга агылып келди.

Кытай өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө карызга акча берип, инфраструктуралык өнүгүүгө салым кошуп келет. Жаңы курулган көпүрөнү "Кытай-Малдив достук көпүрөсү" деп аташкан.

Бирок пандемиядан улам экономикасы туризмге байланган өлкө кыйынчылыкка туш болду. Эми өлкөдө Кытайга карызды кайтарып берүү маселеси кызуу талкууга алынууда.

Инфраструктура долбоорун 2013-жылы бийликке келген президент Абдулла Ямин баштаган. Ал Кытайды жактап, өлкөнүн экономикасын жандандыруу үчүн Кытайдан жүз миллиондогон доллар карыз алган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен Малдив аралдарынын мурдагы президенти Абдулла Ямин

2013-жылдары Кытайдын лидери Си "Бир алкак - бир жол" долбоорун даңазалап жаткан. Малдив сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөр Кытайдан карызга акча алып, жол, темир жол жана башка инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырды. Алардын арасында Борбор Азия өлкөлөрү дагы көп долбоорлоруна инвестиция тартты.

Бирок 2018-жылдагы шайлоодо Ямин Малдивдин Демократия партиясынын өкүлүнө утулуп калган. Жаңы шайланган президент Ибрагим Солих өлкөнү башка багытка бурду.

Сүрөттүн булагы, Anbarasan Ethirajan/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кытайдын инвестициясынан кийин Малдив аралдарында жаңы имараттар курулуп, экономика жанданды

Президент Ибрагим Солихтин командасы өлкөнүн каржы абалын иликтеп, тынчсыздануусун ачык эле айткан.

"Кытайга 3.1 миллиард доллар карыз болуп калдык. Инвестиция катары салынган жеке сектор бул акчаны артка кайтарып бере алабы? Бизнес план ачык эле көрсөтүп турат, карызды төлөй албайбыз",-дейт өлкөнүн парламент спикери, мурдагы оппозициячыл саясатчысы Мухаммед Нашид.

Жаңы өкмөт өлкө "карыз капканына" түшкөнүн ачык эле айтууда. Андан тышкары долбоорлорду аткарууда коррупциялык схемалар болгондуктан, 1.1 миллиард долларга ишке ашкан долбоорлорго 3.1 миллиард доллар жумшалганы белгиленүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мухаммед Нашид өлкө өтө эле көп карыз алганын айтат

Малдив аралдары 2022-23-жылдары карыздын көп бөлүгүн кайтарып бериши зарыл. Бирок туризм тармагы тизелегендиктен, өлкө эмитен эле тынчсызданууда.

Мухаммед Нашид Малдив аралдары карызды төлөбөсө жакын жайгашкан Шри Ланкадай маанилүү тармактарын жоготуп алышы мүмкүн экенин айтууда.

Шри Ланка 1.5 миллиард доллар карыз алып, жаңы порт курган эле. Карызды кайтарып бере албаганы үчүн 2017-жылы Кытайдын өкмөтү башкарган компания порттун 70 пайызын 99 жылга ижарага алган. Андан тышкары Шри Ланка порттун айланасындагы алты миң гектар жерди дагы эркин экономикалык зона куруу үчүн 99 жылга Кытайга өткөрүп берген.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Шри Ланкадагы Кытай башкарып калган Хамбантота порту

Өткөн жылы Батыш мамлекеттери Кытайды коррупцияга малынган саясатчыларды колдоп, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү "карыз капканына" кептегенин айтып чыккан. Бээжин дооматтарды четке кагып келет.

Кытайдын Малдив аралындагы элчиси Жаң Лижоң Би-Би-Сиге маек куруп, Батыш мамлекеттеринин айыбына "ойдон чыгарылган сөз" деген мүнөздөмө берди.

"Кытай Малдив өнөктөшүнө жана башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө өзүнүн шарттарын эч качан таңуулаган эмес",-деди ал.

Малдив аралдары дүйнө жүзүнө көздүн жоосун алган жээктери менен белгилүү. Бирок аралдардын жайгашкан жери стратегиялык мааниге ээ. Он миңдеген мунай жана жүк ташыган кемелер дал ушул аралдарга жакын өтөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Малдивдин экономикасы туризм тармагына байланган

Ошондуктан Индия менен Кытай аймакта таасир талашып келет. Кытайдын инвестициялары экономикага түрткү болгону талашсыз. Мисалы, көпүрө курулгандан кийин өлкөгө өткөн жылы 1.7 миллион турист келип, рекордду жаңырткан. Туризм тармагына 2 миллиард доллар киреше түшкөн.

Бирок жаңы келген өкмөттүн аракеттери дагы экономикалык өсүүгө салым кошту. Жаңы өкмөт ишкерлерге эрежелерди жеңилдетип, мейманканалар, эс алуучу жайлар курулду. Индия, Таиланд жана Кытайдын жеке ишкерлери миллиондогон долларды салып, туристтерди кабыл алышты. Талдоочулар, Малдив аралдары миллиондогон доллар карыз албай эле, туура башкаруу менен экономиканы жантанта алмак дешүүдө.

Сүрөттүн булагы, Anbarasan Ethirajan/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кытайдын Малдив аралындагы элчиси Жаң Лижоң Кытайдын "карыз капканы" деген ойду четке какты

Коронавирус пандемиясынан улам быйыл туристтердин саны 55 пайызга кыскарды. Башкача айтканда, өлкө 700 миллион доллардан кур жалак калды.

Малдивдин өкмөтү Кытай карызды кайтарууну кечиктирүүгө макул болгонун маалымдады. Бирок эксперттер туризм тармагы канчадан кийин калыбына келет, ага чейин карызды төлөй албай калса кандай шарттар коюлат деген тынчсыздануусун айтууда.