"Абалды карайбыз": Трамп бийликти тынч өткөрүп берүү убадасын бербейт

Дональд Трамп на брифинге для прессы в Белом доме 23 сентября

Сүрөттүн булагы, Reuters

АКШнын президенти Дональд Трамп шайлоодо утулуп калса, бийликти тынч өткөрүп берүү убадасынан баш тартты.

"Көрөбүз, абалды карайбыз",-деп айтты Трамп Ак үйдө болгон басма сөз жыйында.

"Чынында, бийлик өткөрүлбөйт, анын уландысы болот",-деп кошумчалады Трамп.

Андан тышкары президент почта аркылуу добуш берүү шайлоону бурмалоого жол ачышы мүмкүн экенин белгиледи. Коронавирус пандемиясынан улам АКШ почта аркылуу добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берди.

АКШда почта менен добуш берүүдө бурмалоолор болуп кетиши мүмкүн дегендер көп эмес. Кошмо Штаттарынын айрым аймактарында көп жылдан бери почта аркылуу добуш берүү системасы иштеп жатат жана шайлоодо чоң бурмалоолор катталган эмес.

Бирок америкалык президент шайлоочулардын шайлоого почта аркылуу катышуусуна кайра-кайра каршы болуп жатат. Мындан мурда АКШнын айрым штаттары пандемия шартында почта менен добуш берүүнү жөнөкөйлөткөн чечимдерди кабыл алган эле.

Добуш берүүнү аралыктан жүргүзүүнү чечкен штаттарда бюллетендер почта менен же курьерлер аркылуу катталган шайлоочуларга жеткирилет. Шайлоо участкасынын өзүнө келип добуш берсе да болот, бирок абдан жүйөөлүү себеп бар учурда гана. АКШнын штаттарынын болжол менен теңинде катталган шайлоочулар бюллеттенди почта аркылуу алып добуш бергенге укугу бар.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Соңку сурамжылоолорго ылайык, Демократия партиясынан талапкер Жо Байден алдыда келе жатат

Соңку сурамжылоолорго ылайык, Демократия партиясынан талапкер Жо Байденди колдогондордун басымдуу бөлүгү почта аркылуу добуш берүүнү жактырат жана Байден кыйла алдыда келе жатат. Почта аркылуу добуш берүүнүн бир кемчилиги, аны санап чыгууга көбүрөк убакыт талап кылынат. Ошондуктан, демократтар Трамп жеңишке жеткенин эрте жарыйлап салышы мүмкүн экенин айтууда. Ал эми почта аркылуу келген добуштар саналып бүткөндөн кийин, абал өзгөрүшү ыктымал. 2016-жылдагы шайлоодо президент Трампка утулуп калган талапкер Хиллари Клинтон, Байденди дароо эч кандай жарыя менен чыкпоого чакырды.

Ал тапта Трамптын бийликти тынч өткөрүп берүү убадасын бербегени үчүн айрым Республикачылдар дагы сындады. 2012-жылы президенттикке талапкер болгон Митт Ромни Трампты бир нече жолу коом алдында сындаган.

"Бийликти тынч жолу менен өткөрүп берүү демократиянын пайдубалы. Андай болбосо биз дагы Беларустагыдай абалга кептелебиз. Президент конституциялык кепилдикти сактабайм деп кыйытып айтканына жол берилбеш керек, ал акылба сыйбаган сөз",-деп жазды Ромни "Твиттер" баракчасына.