"Жаратылыштын чек арасы жок": Жээнбеков БУУга кайрылуусунда экология маселесин көтөрдү

Сооронбай Жээнбеков

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 75- сессиясы онлайн аркылуу өтүүдө. Бир катар дүйнөлүк лидерлер видеокайрылуу жасашты. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков климаттын өзгөрүшү, экология маселесин көтөрдү.

"Климаттын өзгөрүшү Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жана суу ресурстарынын көлөмүнүн азайышына алып келүүдө. Бул таза суу тартыштыгына, жерлердин деградацияланышына жана экономикалык тобокелчиликтерге алып келет, калктын саламаттыгына коркунуч туудурат. Буга байланыштуу биз мөңгүлөрдүн эрүү көйгөйүнө жана аларды коргоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууну жактайбыз. Мөңгүлөрдүн жаралыш аймагындагы тоо экосистемасын сактоо абдан маанилүү деп эсептейбиз. Бул багытта Кыргызстан бир катар глобалдуу демилгелерди көтөрүп чыкты. Ак илбирсти жана анын тоо экосистемасын сактоо боюнча эки жолу Глобалдык форум өткөрүлдү. Борбор Азиядагы радиациялык коркунучтарды алдын алууда эл аралык коомчулуктун ролу тууралуу резолюция кабыл алынды. Өткөн жылдын август айында "Тоолуу өлкөлөрдүн достук тобу" түзүлдү. Бүгүн ал жыйырма үч мамлекетке жетти. Ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маанилүү. Ошондуктан, Кыргызстан Башкы Ассамблеянын бул сессиясына "Жаратылыштын чек арасы жок: трансчекаралык кызматташтык - биоартүрдүүлүктү сактоодогу жана туруктуу пайдалануудагы негизги фактор" аттуу жаңы резолюциянын долбоорун алып чыкты. Биздин демилгени колдойсуздар деп ишенебиз",-деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Өзбек президенти эмне деди?

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Президент Ш.Мирзиёев сөзүн пандемиядан баштады. Бул апаат "бүтүндөй адамзаттын алсыздыгын көрсөттү" деди өзбек лидери.

Ал ошондой эле Өзбекстандагы реформаларга көңүл буруп, "демократиялык өзгөрүүлөр" тууралуу кеп кылды. Өлкөдөгү адам укугуна байланышкан кырдаал "толук өзгөрдү" дейт Мирзиёев. Ошондой эле Өзбекстандагы балдарды оор эмгекке тартуу көйгөйү "толугу менен жоюлганын" айтып өттү.

Мирзиёев Арал деңизиндеги трагедияны эске салып, глобалдык климаттын өзгөрүшүнө байланышкан маселелерге көңүл бурду.

Видеонун түшүндүрмөсү,

Арал деңизин адам соолуткан, эми деңиз адамга илдет алып келди

Талаштуу пикирлер

Бул жолку БУУнун жыйынында кайчы пикирлер көп болду. Президент Трамп "Американы биринчи орунга койгон саясаты менен" көп тараптуулукту четке какты деген дооматтарга кабылды. Дүйнөнүн ири өлкөлөрү кол койгон Париж климат келишиминен бир тараптуу чыгып кеткени сынга алынды.

Сүрөттүн булагы, Reuters

АКШ президенти Дональд Трамп башка лидерлер сыяктуу эле сөзүн коронавирус пандемиясынан баштады.

"Экинчи дүйнөлүк согуштан жана БУУнун түзүлгөнүнөн 75 жыл өткөндөн кийин биз кайрадан глобалдык күрөшкө аттандык. Бул жолу көзгө көрүнбөгөн душманга - кытайлык вируска каршы күрөшкө",-деди ал.

Америка пандемияда Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки ири жоготууларга учураса дагы кырдаалды көмөзөлдөп калганын айтты. Ошондой эле президент Трамп билдирүүсүндө, БУУ менен АКШ вирустун тарашына жол берген күнөөкөрдү, тагыраагы Кытайды жазалаш керек деп чыкты.

Анын айтымында, пандемия курчуп турган маалда Кытай ички аба каттамдарын токтотуп, бирок эл аралык каттамдарды токтотпой, вирустун бүт дүйнөгө тарашына шарт түзгөн. Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна дагы жалган маалымат берген, дейт Трамп.

Кытайдын лидери Си Цзиньпин өзүнүн сөзүндө бардык өлкөлөрдү пандемия менен биргелешип күрөшүүгө чакырды. Жалпы коркунучтун алдында келишпестиктер тууралуу унутуу зарыл деди ал.

"Бул жараянды саясатташтырууга кандай гана аракет болбосун четке кагылышы керек",-дейт Си Цзиньпин .

Кытай лидери АКШнын климат боюнча Париж келишиминен Иран менен өзөктүк курал боюнча келишиминен бир тараптуу чыгып кеткенин сынга алган. Кытай өзүн Бириккен Улуттар Уюмунун принциптерин колдогон держава катары көрсөтүүдө.

Дипломатия боюнча эксперттер БУУнун Башкы Ассамблеясындагы жыйында башаламандык байкалды деп айтууда. Баш катчы Гутерриш биримдик жана анын мааниси менен наркы тууралуу сөз кылса, АКШнын президенти Трамп дүйнө лидерлерин анын саясатын мисал катары кармап, өз өлкөлөрүн биринчи орунга коюу керек экенин айтты. Франциянын президенти Макрон видео кайрылуусунда, дүйнө Кытай-АКШ атаандаштыктын көлөкөсүндө калбашы керек экенин белгиледи.