Ким Чен Ын Түштүк Кореядан кечирим сурады

Ким Чен Ын

Сүрөттүн булагы, Reuters

КЭДР лидери Ким Чен Ын түштүк кореялык чиновниктин өлүмү үчүн кечирим сурады деп кабарлады Түштүк Корея президентинин канцеляриясы.

Ким Чен Ын кесиптеши Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Инге жолдогон катында жол берилгис окуя болуп кеткенин айтып, өкүнүчүн билдирген.

Катта Түштүк Корея жараны атылган октон каза тапканы, бирок сөөгү өрттөлбөгөнү айтылган.

Кечээ Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги билдирүү таратып, КЭДР аскерлери бир жаранын атып, андан кийин өрттөп салганын билдирген эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Түштүк кореялык Ёнпхёндо аралы КЭДР менен чек ара тилкесинде жайгашып, тараптар ортосундагы талаштуу жер саналып келет

Сеулдун маалыматына караганда, түштүк кореялык жаран балык чарба департаменттин кызматкери болгон. Ал моторлуу кайык менен кетип, ошол бойдон дайыны табылбай калган. Кийин Түндүк Кореяга таандык аймактан сөөгү чыгат. Аны атып өлтүрүп, андан кийин өртттөп салышкан, деген Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери КЭДР чек арасын кайтарууну күчөткөнү кабарланган. Өлкөгө Covid-19 тарап кетпеш үчүн чек арадан өтүүгө аракет кылгандарды атып салуу тууралуу дагы буйрук болгон деген маалыматтар бар.

Түштүк Кореянын жоромолу

Аптанын биринчи күнү Түштүк Кореянын балык чарба департаментинин кызматкери моторлуу кайгуул кайыгы менен КЭДР чек арасынан 10 чакырым аралыкта сүзүп жүргөн. Ошондон кийин анын дайынын таппай калышат. Кайыктан анын бут кийими чыккан. Ал кандайдыр бир коркунучтан качуу үчүн сууга секирген болушу мүмкүн деген жоромол айтылды.

Түштүк кореялык чалгын кызматы КЭДР кайгуулчулары анын куткаруу кемсели менен эртеси күнү таап алышкан деп билдирди. Сеулдун жоромолунда, аны атып салып, сөөгүн өрттөшкөн. Балким, коронавирускка каршы катаал чарадан улам өрттөп жибериши да мүмкүн, деген Коргоо министрлиги.

Сеул Түндүк Кореядан түшүндүрмө талап кылган эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

КЭДР менен Кытайдын чек арасынан бир көрүнүш

Би-Би-Синин Сеулдагы кабарчысы Лора Бикердин айтымында, Түндүк Корея бийлиги өлкөгө коронавирусту киргизбеш үчүн бардык катаал чарага барууга даяр.

Пхеньян 10-октябрда Эмгекчилер партиясынын 75 жылдык мааракесине карата масштабдуу аскер парадын өткөрүүгө даярдык көрүүдө. Ошондуктан өлкө баш калаасы инфекциянын очогу болуп калышынан чочулап, буга жол бербөө аракетинде.

КЭДР Covid-19 тууралуу маалыматтар чыгары менен эле январда Кытай менен чек арасын жапкан. Июлда мамлекеттик басылмалар өлкө бийлиги өзгөчө кырдаал абалын күчөткөнү тууралуу жазды.

АКШнын Түштүк Кореядагы аскер бөлүгүнүн жетекчиси Роберт Абрамстын айтымында, КЭДР августта Кытай менен чек арасында буфердик аймакты түзүп, чек арадан өтүүгө аракет кылгандарга каршы атайын аскер бөлүктөрүн моблизациялаган.

Июнда Түндүк Корея чек арадагы Кэсон шаарында жайгашкан Түштүк Корея менен биргелешип аракеттенүү штабын жардырып жиберген.

Эгерде Түштүк Корея жараны түндүк кореялык аскерлер тарабынан атып өлтүрүлгөнү ырасталган болсо, анда бул граждандык кишилерге ок атылган экинчи учур болуп калмакчы. 2008-жылы Түштүк кореялык турист Кымнгансан тоолору тарапта атып өлтүрүлгөн. (AbA)