Карабах жаңжалы: Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ортомчу болууга даяр

Armenian Defence Ministry photo shows Armenian soldier during clashes with Azeria forces. 30 Sept 2020

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Армения менен Азербайжан 1994-жылдагы согуштан берки эң олуттуу аскер кризисине кептелди

Орусия талаштуу Тоолуу Карабах аймагындагы жаңжалды токтотууга багытталган сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуу сунушун айтты. Азербайжан менен Армения ортосундагы салгылашуулар уланууда.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров эки тарапты сүйлөшүүгө чакырып, "согушка багытталган риторикаларды" токтотууга үндөдү.

Жекшемби күнү башталган жаңжалда кеминде жүз киши каза тапты. Тоолуу Карабах Азербайжандын аймагы катары саналат, бирок территорияны Армения көзөмөлдөп келет.

Учурда жаңжалга башка мамлекеттер дагы тартылышы мүмкүн деген кооптонуулар айтылууда. Президент Путин Тоолуу Карабах маселесин Франциянын лидери Макрон менен телефон аркылуу талкуулап, эки лидер тараптарды тынчтыкка чакырды.

Армения Орусия менен Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө. Бул уюмдун мүчөлөрүнүн бирине чабуул болсо, башкалары көмөк көрсөтүү тууралуу милдеттеме алган. Бирок Тоолуу Карабах формалдуу түрдө Армениянын аймагы саналбайт. Азербайжандын эл аралык коомчулук тарабынан таанылган аймагы. Согуштук аракеттер ушул аймакта жүрүп жаткандыктан, ЖККУ же Орусия кийлигише албайт. Ошондуктан ок атышууну токтотууга чакырууда.

Ал эми Түркия Тоолуу Карабах жаңжалында Азербайжанды колдогон билдирүүлөрү менен чыкты. Түркиянын тышкы иштер министри тынчтык сүйлөшүүлөрү маңызын жоготконун жана Тоолуу Карабах көйгөйүн чечүүнүн убактысы келгенин белгилеген.

"Биз бул маселени тынчтык жолу менен чечүү үчүн көп иштедик. Эми биз аны тамырынан чечкибиз келет",-деди Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу.

27-сентябрда Тоолуу Карабахта кагылышуу башталгандан тарта эле президент Режеп Тайип Эрдогандан баштап, түркиялык расмийлер Азербайжанды катуу колдоп жатат.

Азербайжан сириялык жалданма аскерлерди колдонуп жатабы?

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Би-Би-Синин булагы жана Европанын башка медиа агенттиктери Тоолуу Карабах аймагына Сириядан жалданма аскерлер барганын кабарлашууда

Ал тапта Тоолуу Карабахта согушка катышып жатабыз деген аскерлердин бири Би-Би-Сиге Сириядан келгенин билдирди. Сириялык Абдулла (ысымы өзгөртүлгөн) 17ден отуз жашка чейинки эркектер Түркия көзөмөлдөгөн Сириянын түндүгүнөн Азербайжанга келгенин маалымдады. Алар өткөн шаршемби күнү, жаңжалга төрт күн калганда чек ара аймагына жеткирилгенин айтты.

"Өткөн аптада Сириянын улуттук армиясынын Хамза дивизиясынын башчысы Саиф абу Бакр Азербайжанга барып аскердик базаларды кайтарып, айына эки миң доллар маяна алсаңар болот деп сунуштады. Мен согуш чыгарын билген эмесмин",-деп айтты Абдулла Би-Би-Сиге мессенжер аркылуу жазган катында.

Анын айтымында 27-сентябрда аларды майдан тилкесине алып барышып, салгылашууларга катышкан. Жаңжалдын биринчи күнүндө эле төрт сириялык мүрт кеткен. Андан бери Абдулла онго чукул сириялык каза таап, жетимишке чукулу жаракат алганын айтууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Түркия Сириянын түндүгүндө аскерлерди машыктырып, курал менен камсыз кылып келет

Түркия болсо бул айыптарды кескин четке кагууда. Президент Эрдогандын кеңешчиси Илнур Жевик дооматтарды "эч далилсиз" маалымат деп мүнөздөдү.

Тоолуу Карабахтагы жаңжал НАТОго мүчө эки мамлекет ортосундагы мамилени бузду. Франция менен Түркия кайым айтышып, шаршемби күнү Түркиянын тышкы иштер министри Париж Азербайжандын оккупацияланышын колдоп жатат деп билдирди.

Тоолуу Карабах жаңжалынын тарыхы

Азербайжан менен Армения ортосундагы конфликтин чордонунда Тоолуу Карабахтын макамына байланыштуу талаш турат. Советтик мезгилде аймак автоном облус саналып, Азербайжан ССРинин курамында болгон.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жаңжалга оор аскер техникасы, артиллерия, дрондор тартылууда

Карабах жаңжалы 1988-жылы башталган. Анда Тоолуу Карабах автоном облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарылган. Кийин 1992-1994-жылдардагы эки өлкөнүн ортосундагы аскердик тирештин жүрүшүндө Азербайжан Тоолуу Карабахка көзөмөлүн жоготту. Жаңжалды жайгаруу боюнча 1992-жылы ЕККУнун Минск тобу түзүлөт. Аймактын кимге таандык экени тууралуу талаштар согушка чейин жетип, 1994-жылы жарашуу келишими кабыл алынган.

Азыркы маалда эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган көз карандысыз Тоолуу Карабах республикасын армян күчтөрү көзөмөлдөйт. Баку аймак оккупацияланган деп санайт. Ереван болсо расмий түрдө анын көз карандысыздыгын тааныганы менен анын коопсуздугун өз кепилдигине алган. Тоолуу Карабахтагы армиянын бюджети Армения тарабынан каржыланат.

2020-жылы апрелде пандемия күчөп турган маалда эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Тоолуу Карабах республикасы президенттик шайлоо өткөрдү. Өзүн республика жарыялаган аймактагы президенттик шайлоодо мурдагы министр Араик Арутюнян 88% добуш менен утуп чыкты. Бирок шайлоону эл аралык коомчулук тааныган эмес.