АКШдагы шайлоо: Трамп-Байдендин “башаламан” дебатынан кийин анын форматы өзгөрөт

АКШдагы шайлоо: Трамп-Байдендин “башаламан” дебатынан кийин анын форматы өзгөрөт

АКШнын лидери Трамп жана анын президенттик жарыштагы атаандашы Демократиялык партиядан Жо Байден биринчи түз ободогу дебатын өткөрдү.

Токсон мүнөткө созулган талкууда эки лидер коронавирус пандемиясы, экономика, расалык көйгөй жана саламаттыкты сактоо тармагы боюнча кайым айтышты.

Эки талапкер бири-биринин сөзүн бөлүп, кемсинтүүгө чейин барганы кескин сынга алынды. Мисалы, президент Трамп эле Байдендин сөзүн 73 жолу бөлдү. Байден болсо Трампты клоун, алдамчы жана АКШ тарыхындагы эң чабал президент деп атады.

Ошондуктан АКШдагы президенттикке талапкерлердин дебатына көзөмөл жүргүзгөн комиссия мындан ары дебаттын форматын өзгөртө турган болду. Алардын бири талапкерлердин бири сөз укпай жатса, анын микрафонун өчүрүп туруу ыкмасы колдонулат.

АКШнын аракеттеги президенти Дональд Трамп бийликте дагы төрт жылга калабы же жокпу дегенди америкалыктар 3-ноябрда чечет.