Тоолуу Карабахтан миңдеген армяндар качып чыгууда

Горис, Армения

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Армениянын чек ара тилкесиндеги Горис шаарындагы качкындар үчүн уюштурулган гуманитардык жардам бекети

Тоолуу Карабахтагы согуштан улам миңдеген качкындар Арменияны көздөй агылууда. Алардын жолундагы биринчи шаар - Горис. Качкындарды шаардын мэриясына алып келип, ошол жерден убактылуу башкалкалоочу жайларага бөлүштүрүп жатышат.

Карабахтагы согуштун 11-күнү жоготуулар саны өстү. Армян тараптын набыт болгон аскерлеринин тизмесине бир күндө 80 киши кошулду. Азербайжан президенти Ильхам Алиев согуштан кийин гана жоготуулар тууралуу так маалыматты чыгара турган билдирди.

Эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган көз карандысыз Тоолуу Карабах республикасынын Коргоо министрлиги 7-октябрда эки жолу набыт болгондор тизмесин жарыялады. Набыт болгондор тизмеси бир күндө 240тан 320га өстү. Каза болгондордун көбү 2000-2001-жылы туулган жаш жигиттер. Болжолу армияда кызмат өтөп жаткандар болушу мүмкүн. Жоготуулар тууралуу маалыматты башка булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Президент Ильхам Алиев шаршембиде орусиялык "Биринчи каналга" интервью берип, Азербайжан өз тарабындагы жоготуулар тууралуу маалыматты "активдүү согуш аракеттеринен кийин гана" жарыялай турганын айтты.

Шаршембиде аскердик чабуулдар кайра күчөдү. Армениянын Коргоо министрлигинин өкүлү Арцрун Ованнисян ырастагандай, согуш тилкесиндеги кармаштар түнү менен токтогон эмес.

Ованнисян басма сөз жыйынында армян күчтөрү мурда алдырып жиберген турумдарын кайтарып алды деп айтты. Бирок кайсыл аймактар экенин так айткан жок.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Азербайжандын Барда шаарчасы, ракета тийген үй

Аймакта аба ырайы бузулуп, тынбай жамгыр жаап турган. Туман жана жамгыр дрондорго жана аскер техникаларына тоскоолдук жаратып, чабуул басаңдашы мүмкүн эле. Анткени Азербайжан тарап дрон жана аскер техникаларды массалык түрдө колдонууда. Шаршембиде күн ачылып кетти.

Сүрөттүн булагы, AZERBAIJAN DEFENCE MINISTRY/HANDOUT/EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Азербайжандын Коргоо министрлиги сайтына видео жарыялап, эки кыштакты ээлеп алганын кабарлады. Кеп Шейбей жана Шукюрбейли (сүрөттө) кыштагы тууралуу жүрүүдө. Бул кыштактар 1993-жылдары азербайжандар качып чыгып кеткенден кийин урандыга айланган

Эки өлкө тең фронт тилкесиндеги калктуу конуштарды аткылап жатат. Тоолуу Карабах ырастагандай, Степанакерт, Шуши, Аскеран, Мартун жана башка калктуу конуштар бомба чабуулуна туш болду.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Горис шаарындагы качкындар

Айрым маалыматтарга караганда, согуштан качып Карабахтын ички аймагын көздөй, андан ары Арменияга 70 миң чамалуу киши качып өттү.

Азербайжандыктар болсо согуш тилкесиндеги айыл-кыштактарга, шаарларга ракета жана снаряддар атылып жатканын айтууда. Шаршембиде жайкын тургундардын бири каза тапты.

Тараптарды ок атышуунун токтотуп, сүйлөшүүлөргө алып келүү аракеттеринен азырынча майнап чыкпай жатат. 30 жылдан бери сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелип келген.

Эки өлкө ортосундагы конфликтин чордонунда Тоолуу Карабахтын макамына байланыштуу талаш турат. Советтик мезгилде аймак автоном облус саналып, Азербайжан ССРинин курамында болгон.

Карабах жаңжалы 1988-жылы башталган. Анда Тоолуу Карабах автоном облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарылган. Кийин 1992-1994-жылдардагы эки өлкөнүн ортосундагы аскердик тирештин жүрүшүндө Азербайжан Тоолуу Карабахка көзөмөлүн жоготту. Жаңжалды жайгаруу боюнча 1992-жылы ЕККУнун Минск тобу түзүлөт. Аймактын кимге таандык экени тууралуу талаштар согушка чейин жетип, 1994-жылы жарашуу келишими кабыл алынган.

Азыркы маалда эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган көз карандысыз Тоолуу Карабах республикасын армян күчтөрү көзөмөлдөйт. Баку аймак оккупацияланган деп санайт. Ереван болсо расмий түрдө анын көз карандысыздыгын тааныганы менен анын коопсуздугун өз кепилдигине алган. Тоолуу Карабахтагы армиянын бюджети Армения тарабынан каржыланат.