Түндүк Корея дүйнөгө жаңы баллистикалык ракетасын көрсөттү

Military equipment is seen during a military parade to commemorate the 8th Congress of the Workers' Party in Pyongyang, North Korea January 14, 2021 in this photo supplied by North Korea"s Central News Agency (KCNA).

Сүрөттүн булагы, KCNA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Суу алдында жүргөн кемеден атылган ракета аскердик парадда көрсөтүлдү

Түндүк Корея суу алдында жүргөн кемеден атылган жаңы баллистикалык ракетасын көрсөттү. Пхеньян аны "дүйнөдөгү эң кубаттуу курал" деп атады.

Пхеньян аскердик кубатын Жо Байдендин инаугурациясынын алдында даңазалоодо. Буга чейин Ким Чен Ын өлкө жаңы, заманбап курал чыгарууга умтулуп жатканын жар салган жана АКШны "негизги душманы" катары атаган.

Түндүк Кореянын мамлекеттик медиасы тараткан сүрөттөн төрт кара жана ак түстөгү жаңы ракетаны көрүүгө болот. Эксперттер мурдагы видео менен сүрөттөр анализдеп, аларды Түндүк Корея чыгарган жаңы курал деп аташууда.

Сүрөттүн булагы, KCNA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Түндүк Кореянын лидери парадга көз салып турду

Аскердик парадда Түндүк Корея эң чоң континент аралык баллистикалык ракетасын көрсөткөн жок. Аны дүйнөлүк коомчулук өткөн жылы октябрдагы парадда биринчи жолу көргөн. Дал ушул өзөктүк дүрмөтү бар ракета АКШга коркунуч жаратат. Анда Пхеньяндын курал өндүрүү жаатындагы ийгилиги алдыңкы эксперттерди таң калдырган эле.

Параддын алдындагы Эмгекчилер партиясынын курултайында Ким Чен Ын өлкө таамай тийген баллистикалык ракета, тыңчылык кыла алган спутник, алыстан башкарылган учактар жана өзөктүк куралы бар суу алдында жүргөн кеме сыяктуу куралдардын үстүнөн иштеп жатканын ачыктаган.

Эксперттердин айтымында, Ким Чен Ын беш күндөн кийин ант кармай турган Жо Байденге эскертүү берип жатат. Бирок Түндүк Кореянын лидери "дипломатияга жол берилиши" керек деп дагы айтканы бар.

Төрт жыл бою АКШ менен Түндүк Корея бири-бирин опузалап, кайра сүйлөшүүлөргө макул болуп жатышты. Ким Чен Ын менен Дональд Трамп үч жолу жолукту, бирок Түндүк Кореянын өзөктүк курал долбоору боюнча мунаса табылган жок. Түндүк Кореянын экономикасы санкциялардан улам сазга батты. Пхеньян дал ушул санкцияларды жеңилдетүүнү көздөйт.

Түндүк Корея аскердик кубатын даңазалоодо

Лора Бикер, Би-Би-Синин Сеулдагы кабарчысы

Ким Чен Ын бир жума бою жаңылыктардын баш сабында турду. Жаңы жылдан кийинки Эмгекчилер партиясынын курултайында ал Түндүк Кореядагы эң жогорку даражага ээ болду, жаңы өзөктүк курал жөнүндө убада кылып, эми дүйнөгө жаңы ракетасын көрсөтүүдө. Генералдык секретарь наамы мурда Ким Чен Ындын атасына ыйгарылган.

2020-жылы Ким Чен Ын бир нече жолу эле мамлекеттик медиага чыккан. Бирок 2021-жыл ал дүйнөлүк жаңылыктардын баш сабында болот окшойт. Эмгекчилер партиясынын курултайында Ким Чен Ын маанилүү билдирүүлөрдү жасады. Коронавирус пандемиясы менен АКШдагы окуялардан улам, анын сөзүнө дүйнөлүк коомчулук көп көңүл бурган жок.

Партиянын жыйынынан кийинки парадда Пхеньян суу алдында жүргөн кемеден атылган жаңы ракета жана кыска аралыкка учкан жаңы баллистикалык ракетасын көрсөттү. Ким Чен Ын кайрадан аскердик кубатын даңазалап жатат жана экономикалык кыйынчылыктарга карабастан Түндүк Корея жаңы стратегиялык куралдарды чыгара аларын көрсөтүүдө.

Андан тышкары Пхеньян АКШнын жаңы администрациясына эскертүү берип жаткандай. Экономикалык санкция менен дүйнөлүк коомчулуктан обочодо калганына карабастан, Түндүк Корея заманбап куралдардын үстүнөн ишинен кайткан жок.

Мурдагы президент Обама бийликти Дональд Трампка өткөрүп жатып, Түндүк Корея коопсуздукка коркунуч жараткан негизги көйгөй экенин айткан. Төрт жыл бою АКШ менен Бириккен Улуттар Уюму Түндүк Кореяны кысымга алып, Трамп менен Ким үч жолу жолукканына карабастан абал курч бойдон.

Ким Чен Ын АКШнын жаңы президенти ондогон жылга созулган көйгөйдү оңой жол менен чече албасын көрсөттү.