Жо Байден 1,9 трлн долларды экономикага жумшайт

Joe Biden, 14 January 2021

Сүрөттүн булагы, Reuters

АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Жо Байден экономиканы жандантуу боюнча долбоорун жарыялады. "Американы куткаруу долбооруна" ылайык, өкмөт 1,9 триллион доллар жумшайт.

Байден коронавирус менен күрөштү экономиканы жандантуу менен байлайт. Бул долбоорго ылайык, ар бир жаран 1400 доллар колдоо алат, жумушсуз калгандарга жана башка социалдык төлөмдөр көбөйтүлөт, коронавируска каршы жапырт эмдөөгө 400 миллиард доллар жумшалат жана 415 миллиард доллар чакан жана орто бизнестерге колдоо катары берилет.

Үгүт иштери учурунда Байден Трамптын коронавируска каршы күрөшүн сындап, демократтар биринчи кезекте ушул багытта иш алып барарын убада кылган. АКШда 385 миңден ашуун киши вирустан көз жумду. Учурда вируска кабылгандардын саны кайра өсүп жатат. Күнүнө төрт миңден ашуун киши каза таап, 200 миңге чукул адам вирусту жуктуруп жатат.

Видеонун түшүндүрмөсү,

2020-жылдын пандемиядан башка маанилүү окуялары

Байден өлкөдө "жапырт эмдөө жүрүмү ийгиликсиз" болгонун дагы айтууда. Адистер эмдөө жараяны жай болуп жатканын белгилеп келишет. Ошондуктан Байден жүз күндүн ичинде жүз миллион вакцина берилерин белгиледи. АКШ эки башка компаниянын вакцинасын каттаган.

АКШнын жаңы администрациясынын долбоорун эми Конгресс бекитип бериши керек. 20-январда кызматка киришем деп жаткан Байден долбоорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик карызды көбөйтөт. Бирок кийин киреше салыгын көтөрүп, бюджет дефицитин жабууну көздөйт.

Республикачылар триллиондогон доллар карыз алууга каршы чыгышы ыктымал. АКШ буга чейин эле пандемия менен күрөшүү үчүн карызга батты. Жо Байден болсо долбоору көп каражат талап кыларын мойнуна алат.

Шайлоодон кийин демократтар Конгресстин эки палатасында көпчүлүктү түзүп калган. Бул жагдай Байдендин ишин жеңилдетет.