Президент Байден Дональд Трамптын чечимдерин жокко чыгара баштады

US President Joe Biden signs documents after being sworn-in

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

АКШнын президенти Байден коронавирус, климаттык өзгөрүү жана расалык теңсиздик боюнча бир катар жарлыкка кол койду

АКШнын президенти Жо Байден кызматына киришкенине бир нече саат өткөндөн кийин мурдагы президент Трамптын негизги чечимдерин жокко чыгарды.

Байден Трамптын мусулмандар көп жашаган өлкөлөрдүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салган чечимин жокко чыгарды. Бул тизмеге Иран, Ирак, Сирия, Судан, Йемен, Ливия жана Сомали кирген болчу. Коопсуздук чарасын көргөн Трамптын администрациясы бул тизмени улам узартып келген.

Байден Трамптын мусулмандар көп жашаган өлкөлөрдүн жарандарына чектөө киргизгени "кара так" болгонун жана АКШнын "бардык ишенимдеги кишилерди кабыл алууга даяр болгон баалулугуна" каршы келерин белгиледи.

АКШнын "кара тизмесине" кирген мамлекеттердин арасында Кыргызстан да бар эле. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу кыргызстандыктардын АКШга киришин чектөө кыргыз паспортунун сапатына байланыштуу деп билдирген.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

АКШнын 46-президенти Жо Байден

Үгүт иштери учурунда демократ АКШны климаттык өзгөрүү боюнча Париж келишимине кайтарып келерин убада кылган. Париж келишиминен чыгарын Дональд Трамп 2017-жылы июнда жарыялаган. Трамп "мени Париждин эмес, Питтсбургдун тургундары шайлаган" деп айтканы бар.

Бул келишим атмосферага зыяндуу заттардын тарашына жол бербөөгө милдеттендирет. Аны 195 өлкө колдогон. АКШ бул келишимден чыга турганын үч жыл мурун билдиргени менен расмий түрдө ушул жылдын 4-ноябрында чыгып кетти. Байден жарлыгы менен бул жараянды токтотту.

Андан тышкары АКШ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан чыгуу демилгесин дагы жокко чыгарды. Трамп ДССУ пандемияны жөнгө салууда чабалдыгын көрсөттү жана Кытайга жан тартты деп айыптаган эле. Ошондой эле Байден өлкөдөгү коронавируска байланыштуу кейиштүү абалды жайгаруу үчүн федералдык имараттарда беткап кийип жүрүү жана социалдык аралыкты сактоого милдеттендирген жарлыкка кол койду. АКШ коронавирустан эң катуу жабыркаган мамлекет. Кошмо Штаттарында Covid-19 вирусунан 400 миңден ашуун киши каза тапты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Байден жүз күндүн ичинде 100 миллион америкалык вакцина алат деп убада кылды

Ошондой эле президент жарлыгы менен миграция кызматтарына ата-энеси менен бала кезинде өлкөгө мыйзамсыз келген мигранттарды департациялоо чечимин жокко чыгарып, Мексика менен чектеш аймактагы дубалдын курулушун токтотту. Дубалды куруу иштери Трамп кызматтан кеткенге чейин күнү-түнү уланып жаткан эле.

Эми Байден Конгресске миграция боюнча мыйзам долбоорун сунуштайт. Ага ылайык, болжолу 11 млн. чамалуу мыйзамсыз жүргөн мигранттар сегиз жыл ичинде мыйзамдуу макамга ээ болот жана ошол эле учурда жарандык алууга мүмкүнчүлүк алышат.

"Күндүз ант кармап, кызматка киришкенден кийин дароо ишти баштадым:

- пандемияны кризисин жайгаруу

- экономикалык жардам көрсөтүү

- климаттык өзгөрүү менен күрөшүү

- расалык адилеттүүлүктү бекемдөө",-деп жазды Байден "Твиттер" баракчасына

Президент Байдендин басма сөз катчысы Жен Псаки АКШнын лидери жакынкы күндөрү дагы ушундай темп менен жарлык чыгарарын журналисттерге билдирди. Алардын арасында Трамптын чет өлкөлүк уюмдарга каржылык жардам көрсөтпөө чечими дагы жокко чыгарылышы ыктымал.

Видеонун түшүндүрмөсү,

АКШнын жаңы биринчи айымы Жилл Байден тууралуу эмне белгилүү?