Байдендин инаугурациясы: АКШнын 46-президенти ант берди

Инаугурация

Сүрөттүн булагы, Patrick Semansky / Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Вашингтондо АКШнын 46-президенти Жо Байден ант берди

Вашингтондо АКШнын 46-президенти Жо Байден ант берди. Ошондой эле аны менен чогуу вице-президент Камала Харрис дагы кызматына киришти.

Президент Байден өз сөзүндө элди ынтымакка чакырып, АКШнын жарандарын бириктирүүгө умтулаарын бир нече жолу баса белгиледи. "Баардык америкалыктар үчүн президент болом" деп убада берди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Кызылдар-көккө, шаар-айылга, консерваторлор-либералдарга каршы турууда. Бирок биз муну жөнгө сала алабыз",-деди Байден.

"АКШда саясий экстремизм баш көтөрүп, ички терроризм менен кагылыштык, буга каршы туруп, жеңип чыгуу зарыл" деп кошумчалады.

"Кудай алдында жана баарыңардын алдыңарда сөз берем, ар дайым Конституцияны жана демократияны, Американы коргойм. Силер менен чогуу Американын тарыхын - коркунучтун эмес, үмүттүн тарыхын жазабыз".

Салтанат кандай өттү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ант берүү аземинин алдында республикачыл сенатор Рой Блант менен Эми Клобушар сөз сүйлөп, Леди Гага АКШнын гимнин аткарды.

Сүрөттүн булагы, Alex Wong/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Капитолийдин алдында Камала Харрис дагы ант берди

Анттын текстти XIX кылымдан бери өзгөрүүсүз келүүдө: "Мен Кошмо Штаттардын президентинин кызматын ак ниеттүүлүк менен аткарууга, Кошмо Штаттардын Конституциясын коргоо, сактоо жана колдоо үчүн колумдан келгендин баарын кылууга салтанаттуу ант берем".

Сүрөттүн булагы, Allison Shelley / Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Вашингтон

Байденди ант берүүгө Жогорку Соттун төрагасы Жон Робертс алып келди. Мөөнөтү бүткөн президент Дональд Трамп кылымдарга уланып келе жаткан салтты бузуп, ант берүү аземине катышкан жок.

Коопсуздук чаралары

Инаугурациянын алдында америкалык баш калаа курчоого алынган чепти көзгө тартып турду. Жолдорго тикен зым тартылып, 25 миңдей коопсуздук кызматкери тартипти көзөмөлгө алды. Трамптын тарапташтары Капитолийди ээлеп алып, беш киши каза тапкан окуядан кийин коопсуздукка өзгөчө маани берилди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Трамп болсо жергиликтүү убакыт боюнча эрте мененки сегизден өтүп, Ак Үйдөн чыгып кетти. Ал тик учак менен Мерилэнддеги Эндрюс аба базасына барды. Аны артиллериялык салют менен тосуп алышты. Трамп чогулгандарга кайрылып ыраазчылыгын айтты. Президенттиги учурундагы жетишкендиктерине токтолду. Ошондой эле биринчи леди Мелания Трамп дагы чогулгандарга кайрылып, сөз сүйлөдү.

Трамп өзүнүн жетишкендиктеринин бири катары коронавируска каршы күрөшкөнүн атады. "Кытай вирусу" деген сөзүн кайра кайталады. Демократтар 400 миңден ашуун жарандын вирустан каза табышына Трамп жоопкер деп эсептейт. Бирок анын кырдаалга баасы башкача.

"Биз медициналык кереметти жараттык. Ал керемет вакцина деп аталат", -дейт Трамп.

Трамп Флоридадагы резиденциясына учуп кетти. Бул президенттик учак менен акыркы сапары болуп калды.

Байдендин инаугурациясына мурунку үч президент жубайлары менен келди: Барак жана Мишель Обама, Жорж жана Лора Буш, Билл жана Хиллари Клинтон. Алар менен чогуу 200дөй киши аралыкты сактап олтурушту. Катышуучулардын баары алдын ала коронавируска тест тапшырган.

Сүрөттүн булагы, Kent Nishimura / Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жорж жана Лора Буш

Сүрөттүн булагы, Rob Carr / Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Билл жана Хиллари Клинтон

Сүрөттүн булагы, Alex Wong/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Барак жана Мишель Обама

Кызматына киришкенден кийин Байден менен Харрис аскерлерди саптан өткөрүп, Арлингтондогу улуттук көрүстөнгө барып белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду.

Андан кийин Ак Үйгө сапар тартышты. Салтанат соңунда бир жарым сааттык концерт өтүп, Байден менен Харрис сөз сүйлөйт. (AbA)