Өзбекстан коронавируска каршы массалык эмдөөнү баштайт

Эмдөө чаралары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстандын жакын коңшусу Өзбекстанда коронавируска каршы массалык эмдөө иштери болжол менен бир айдан кийин башталат. Ошол убакта өлкөгө Pfizer/BioNTech вакцинасынын биринчи партиясы келип түшөт.

Өзбекстан Pfizer/BioNTech вакцинасынын биринчи партиясын COVAX программасы аркылуу ала турган болуп сүйлөшкөн. Ал партия бир ай ичинде келип түшүп, бүт өлкө боюнча эмдөө иштери башталмакчы. Бул жөнүндө бүгүн Коомдук саламаттык жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтын башчысынын орун басары Ботиржон Курбанов билдирди.

Анын айтымында, биринчи этапта Pfizer вакцинасынын 100 миң дозасы келет, андан кийин лицензияланган башка вакциналарды дагы пайдалануу жагы каралууда.

Pfizer вакцинасынын керектүү температурада сакташ үчүн атайын муздаткычтар керек, ошондой талапка жооп берген чоң көлөмдөгү 17 муздаткыч жана аларды сактап керектүү жерге жеткирген 206 минивен сатылып алынууда.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Өзбекстанда коронавируска каршы массалык эмдөө иштери февралдын аягында, марттын башында башталат.

Ошол эле убакта Өзбекстанда Кытай менен Орусияда чыгарылган вакциналардын үчүнчү клиникалык сыноосу өткөрүлүп жатканы кабарланган эле. Бул жактагы орус элчиси Владимир Тюрденев маалымат каражаттарына билдиргендей, Орусия Өзбекстанга "Спутник V" вакцинасынан бир миллион дозасын бере турган болууда. Ал биринчи кезекте Орусияга иштегени бараткан эмгек мигранттарын эмдөөгө колдонулат.

Өзбекстанда 2021-жылдын июнь айына карата калктын 60% ашыгын коронавируска каршы эмдөө пландалууда.

Жалпысынан өлкөдө коронавируска чалдыккандар саны соңку суткада 72 болду, бул мурунку күнгө караганда он жетиге көп. Пандемия башталгандан бери вирус менен ооругандар саны 78 миңден ашты. Алардын ичинен каза тапкан 633 адам. Азыркы убакта стационардык дарыланууда 900дөн ашык оорулуу бар, анын ичинен 158 оор абалда, 32 абалы өтө оор. (КС)