Британияда аныкталган коронавирустун жаңы түрү 60 мамлекетке тарады

Графитти о борьбе Covid-19

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Британияда аныкталган коронавирустун жаңы штаммы 60 мамлекетке тараганын эскертти

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Британияда аныкталган коронавирустун жаңы штаммы 60 мамлекетке тараганын жарыялады. Ошондой эле Түштүк Африкада аныкталган вирустун жаңы түрү дагы башка мамлекеттерге жайылып жатат. Учурда вирустун бул түрү 23 мамлекетте аныкталды.

Коронавирустан дүйнөдө эки миллиондон ашуун киши каза тапканын эске алганда, бул көрүнүш жапырт эмдөө жараяны баштала элек мамлекеттерди тынчсыздантууда.

ДССУнун маалыматына ылайык, бир аптанын ичинде коронавируска кабылгандардын саны 4,7 миллиондон ашып, 93 миң киши каза тапты. Ошондуктан уюм эмдөө жараяны тездетилиши зарыл экенин айтууда.

Жапырт эмдөө жүрүмү Европа менен АКШда башталган. Европа Биримдиги август айына чейин калктын 70 пайызына вакцина жеткирүүгө умтулуп жатат. АКШда болсо президент катары кызматка жаңы киришкен Жо Байден жүз күндүн ичинде жүз миллион доза вакцина жарандарга жеткирилет деп убада кылды. Бирок бардык мамлекеттерде, анын ичинде Европада жапырт эмдөө жараяны ийгиликтүү жүрүп жатат деп айтууга болбойт. Ошондой эле көйгөйгө Орусия менен Индия туш болду.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Индия вакцинаны эң көп көлөмдө өндүргөн мамлекеттердин бири

Индия вакцинаны эң көп көлөмдө өндүргөн мамлекеттердин бири. Бул өлкө шаршембиден тарта коронавируска каршы вакцинаны башка мамлекеттерге экспорттой баштады. Алгач коңшу Бутанга вакцина жөнөтүлгөн. Жакын арада Индияда чыгарылган вакцина Мальдив, Бангладеш, Непал жана Мьянма сыяктуу мамлекеттерге экспорттолот.

Кыргызстанда болсо бир күндүн ичинде 155 киши вируска кабылып, эки адам каза тапты. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 1394 киши каза тапты, 83585 адам вирусту жуктурду. Бирок вице-премьер-министри Элвира Сурабалдиева пандемиядагы жоготуулар расмий сандан көп болушу мүмкүн экенин дагы айткан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кыргызстанга коронавируска каршы бекер вакцина эки партия менен келери айтылууда

Дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттер жапырт эмдөө жараянын баштоого умтулуп жатканда, Кыргызстан COVAX альянсы аркылуу бекер келген Pfizer/BioNTech вакцинасынан баш тартты деген жаңылык кызуу талкуу жаратты. Саламаттык сактоо министрлиги бул маалыматты четке кагууда.

"COVAX альянсы аркылуу биринчи калктын 3% жетиштүү 200 миң доза, андан кийин 20% жетиштүү 1 миллион 200 миң доза алганы жатабыз. Бизге вакцинаны сегиз түрү сунушталды, алардын ичинде Pfizer вакцинасы дагы бар. Аны алып, элге жеткирүү үчүн эки миллион доллар керек экен. Себеби, аны сактоо эрежеси -70, -80°C градус. Ал үчүн бизге "холодовой цепь" деген керек",- деди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Кыргызстанга коронавируска каршы бекер вакцина эки партия менен келери айтылууда.