Коронавирус: Британия вакцинанын таблетка түрүн чыгарат

Больница Германии

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Пандемия башталгандан бери дүйнөдө 106 миллиондон ашуун киши Covid-19 вирусун жуктурду

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери дүйнөдө 106 миллиондон ашуун киши Covid-19 вирусун жуктурду, 2,3 миллион киши каза тапты.

Учурда AstraZeneca компаниясы чыгарган вакцина Түштүк Африкада пайда болгон коронавирустун жаңы түрүнө таасир эте албаганы кызуу талкуу жаратууда. Түштүк Африканын өкмөтү аптанын башында эле бир миллион доза вакцина алган. Эми эмдөө жараянын убактылуу токтотту.

Ал ортодо Британиянын эмдөө багыты боюнча министри Надим Захави вакцинаны таблетка түрүндө чыгаруу боюнча жараян башталганын билдирди. Захавинин айтымында, вирустун жаңы штаммдары менен күрөшө алган вакциналарды таблеткага айлантуу үчүн технология бар.

Британия коронавируска кабылгандар саны боюнча Орусияны озуп өтүп, төртүнчү орунга чыккан. Өлкөдө дээрлик төрт миллион киши вируска кабылды, 112 миң адам каза тапты. Британия Европада коронавирустан эң катуу жабыркаган мамлекет катары саналат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Таблетка түрүндөгү вакцинаны колдонуу жана алыскы аймактарга жеткирүү кыйла жеңил болот

Учурда Европа мамлекеттери вакциналарды убагында ала албай кыйынчылыкка туш болууда. Оксфорд университети AstraZeneca компаниясы менен биргеликте чыгарган вакцина Британиянын өзүнө жетиштүү көлөмдө жеткирилбей жатат. Эксперттер вакцинанын таблетка түрү бул көйгөйдү чечерин айтууда. Себеби таблетканы сактоо, колдонуу жана алыскы аймактарга жеткирүү кыйла жеңил болот.

Британияда жайгашкан биотехнология багытындагы алдыңкы ишкана саналган IoBio компаниясы вакцинанын таблетка түрү даярдалганын жана жаныбарларга болгон сыноо ийгиликтүү болгонун жарыялады. Эми IoBio америкалык ImmunityBio компаниясы менен биргеликте клиникалык сыноолорду баштайт. АКШда болсо вакцинанын ныкталган дары түрүнүн сыноосу январь айында башталган.

"Таблеткаларды колдонуу үчүн медицина кызматкеринин кереги жок. Жапырт эмдөө жараяны кыйла жеңилдейт. Дарыны почта аркылуу жөнөтүп, бир аптанын ичинде эмдөө жараянын жыйынтыктап койсо болот",-дейт IoBio компаниясынын башчысы Уэйн Кэннон.

Адистердин басымдуу бөлүгү бир нече апта аралыгы менен эки жолу эмдөө узакка созулган жараян экенин айтышууда. Таблеткадан тышкары, эксперттер вакцинаны мурунга куйган препарат сыяктуу жасалышы мүмкүн экенин айтып келишет.

Түштүк Корея үй-жаныбарларын коронавируска текшерүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сеул шаарынын бийлиги мышык жана иттерди коронавируска текшерүү жүрүмүн баштады. Буга чейин өлкөдө Covid-19 вирусун жуктурган мышык аныкталган эле.

Сеул шаарынын мэриясы үй-жаныбарларына кишилердей эле эрежелер сакталышы керек экенин айтып келет. Мисалы, паркка чыкканда үй-жаныбарлар ээлериндей эле социалдык аралыкты сакташы тийиш.

Пандемия башталгандан бери жолборс, керик жана горилладан коронавирус аныкталган. Вирусология боюнча адистер жаныбарлар коронавирусту таркатат деген сөзгө эч далил жок экенин белгилешүүдө.